Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
01/07 14:50
 

Дербиш ата: Р. Отунбаева элге Каныкейдей эне болуп берсин

Бишкек, 1-июль (КАБАР). Бүгүн “Кабар” агенттигине Молокоев Кадыракун “Дербиш ата” конокто болду. Алгач 83 жаштагы Детбиш атага шайлоо кандай өттү, элдин маанайы кандай болду деген суроо узаттык.

-Шайлоо балам Кудайдын буйругу менен ынтымактуу, биримдиктүү, жакшы өттү. Эң негизгиси мыйзамдуулук орношу керек, мыйзамдуулук болмойун ызы-чуу токтобойт. Эл-журт аман болгондон кийин гана тынчтык болот. Албетте, шайлоону каалабаган анча-мынчалар да болду. Бирок жалпы эл жакшы маанай менен катышты. Топ буудайда да бир кара сойлок болот. Көралбастар болбой койбойт, түшүнбөгөндөр да болду. Түшүнбөгөн адамды эл өзү эле түшүндүрүп коет. Негизинен жакшы өттү, эл бардык жерде колдоду.

-Азыркы бийликтин аткарып жаткан иштерине кандай баа бересиз?

-Эне балага боорукер болот, ата балага алдым-бердим болот. Роза Отунбаеванын азыркы өткөөл мезгилде кыргыз элинин ханышасы болгону туура болду. Талас бирикмейин кыргыз бирикпейт. Манас атабыз турган жер Талас элге үлгү болушу керек. Таластыктар ынтымактуу, биримдиктүү болушу керек. Отунбаева элге Каныкейдей эне болуп берсин. Каныкей Бээжинге чейин барган, ырыскыны аял заты берет. Бакай болбосо Манас жолду кайдан тапкан, Бакай атанын акыл касиети, Каныкейдин чеберчилиги менен Манас атабыз Бээжинде хан болгон. Бүгүнкү күндөгү техникалык өкмөт түзүлүп, мыйзадуулук орноп жатканы туура болуп жатат. Элге тынчтык керек. Үй-бүлөлүк башкаруудан кутулганыбыз чоң иш болду.

-Дербиш ата, көз ачыктык да кыласыз. Элибиздин келечеги жөнүндө айтаарыңыз болсо керек.

-1900- жылга чейин “жолборс” доору болгон, ал жылдары бирөө бирөөгө тийсе жеп койгон. Бул доорду Наполеон Кутузовдор көрдү. Андан кийин 1955- жылга чейин “карышкыр” доору болду, бул доордо дүйнөдө согуштар көп болду. 2003- жылга чейин “түлкү” доору болду, туш тараптан алдоолор болду, чоңдор чоңдорду, кичинекейлер кичинекейди алдашты, бийлик элди алдады. Мына эми Кудай “кой” доорун берди. Семиздикти кой гана көтөрө алат. Жакшыны эл көтөрөт. Ушул кой доорун татыктуу тосуп алалы, эл оңолсун, Кыргызстан өнүксүн. Буйруса жакшы заман келди, - деп Дербиш ата маегин аяктады. (Э.Момунов))


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу