Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
30/06 16:56
 

О. Артыкбаев: “Камбар-Ата-2” ГЭСин курууда 9 миллиард сом сарпталып, анын жарымы уурдалган

БИШКЕК, 30-июнь. (КАБАР). Кыргызстанда жылына 14 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өндүрүлгөн электр энергиясынын көп бөлүгү республиканын ички муктаждыгын гана камсыздап, аз гана бөлүгү экспорттолот. Бирок эксперттер Кыргызстандын электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү мындан он эсе көп экендигин белгилеп келишет. Келечекте өлкөнүн энергетика тармагын жандандыруу үчүн ири жана кичи ГЭСтерди куруу зарылчылыгы турат. ГЭСтерди куруу, инвестицияларды тартуу багытындагы “Кабар” агенттигинин суроолорго энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаев жооп берди.

- Акыркы маалыматтар боюнча, “Токтогул” суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард куб метрден ашты. Былтыр жалаң азаюу байкалса, жаздан бери суунун көлөмү өсүүдө. Мындай жагдайга кандай баа бересиз?

- Бир жагынан быйыл суу көп болууда, экинчи жагынан сууну сарамжалдуу пайдаланып, туура колдонуудабыз. Азыр биз сууну толтуруп жатабыз. Учурда Казакстан, Өзбекстанга суу кеткен жок. Ушундан улам суунун көлөмү өсүп жатат. Мурдагы бийлик “Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү азайып жаткан шартта да Өзбекстанга суу сатууну уланта берген. Суунун эң төмөнкү чеги деп 9,2 миллиард куб метр эсептелсе, мурдагы бийлик 6,4 миллиард куб метрге чейин түшүрүп жиберген. Бул жоопкерчиликсиз, кылмыштуу иш болуп саналат. Биз келерки жылдын жаз айларында суунун көлөмүн 10 миллиард куб метрге жеткирүүнү пландап жатабыз. Мындай кадам кийинки кышка карата даярдык болмокчу.

- Энергетикалык сектордо башка өлкөлөр менен кызматташтыкты артыруу зарылчылыгы барбы?

- Албетте, энергетика тармагында чет өлкөлөр менен кызматташтыкты артыруу керек. Бул багытта биз өтө терең иштерди жүргүзүп жатабыз. Энергетика тармагында глобалдык деңгээлде, ошондой эле аймактык деңгээлде кызматташуу маселелери бар. Биздин максат Кыргызстандын электр энергиясын башка өлкөлөрдүн электр энергиясы менен байланыштыруу, балансташтыруу аркылуу иш жүргүзүү болуп саналат. Бул багытта коңшу өлкөлөр менен да иштеп, эл аралык уюмдар да ар тараптуу жардамын көрсөтүүдө.

- Кыргызстандын энергетикалык секторуна инвесторлорду тартуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?

- Инвестиция тартуу багытында энергетика коопсуздугун камсыздоо үчүн түштүк аймактагы электр линияларын курабыз. Бул үчүн 256 миллион доллар зарыл. Мындан тышкары “Датка-Кемин” ГЭСин куруу үчүн 345 миллион доллар керек. Ошондой эле “Камбар-Ата-2” ГЭСин куруудабыз, ал эми “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга, “Үч-Коргон”, “Ат-Башы” ГЭСтерин оңдоо иштерине инвестиция тартабыз. Мындан тышкары кичи ГЭСтерди өнүктүрүү багытында бир топ программалар бар, аларга чет элдик инвестицияларды тартуу зарылчылыгы турат. Учурда Европа өнүктүрүү банкы менен иштешип, кичи ГЭСтерди куруу боюнча төрт долбоорду ишке ашыруудабыз.

- ГЭСтерди куруу үчүн жумшала турган россиялык насыялар эмне болду?

- “Камбар-Ата” ГЭСин куруу үчүн берилген россиялык насыя учурда Улуттук банктын резервдик эсебинде турат. Бул суроого финансы министри жооп бере алат деп ойлойм. Бүгүнкү күндө финансы министрлиги бизге 1 миллиард 600 миллион сом бөлгөн болсо, анын 300 миллион сомун алдык. Дагы алабыз. Бул каражаттар толук ГЭСти куруп бүтүрүүгө жумшалат.

- “Камбар-Ата-2” ГЭСин курууга канча каражат короду?

- Мурдагы бийлик биз келгенге чейин 9 миллиард сомго жакын акча каражатын короткон. Эксперттердин алдын-ала эсептөөлөрү боюнча, анын жарымынан көбү уурдалган. Бүгүнкү күндө каражат бөлүнүп, ГЭСти куруу ийгиликтүү уланууда. Сметаларды кайра карап чыгып, үнөмдөөнүн аркасында бөлүнгөн акча каражаттын ашып калаары да күтүлүүдө. Алсак, 300 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлүшү мүмкүн. Мындан ары да акчаны сарамжалдуу пайдаланып, ГЭСтин экинчи жана үчүнчү агрегаттарын курууну баштоону пландап жатабыз. Биз биринчи агрегатты ишке киргизүү менен токтоп калбайбыз.

- “Камбар-Ата-2” ГЭСинин биринчи агрегатынын кубаттуулугу канча?

- Курулуп жаткан биринчи агрегаттын кубаттуулугу 120 миллон киловатт-саат. Мындай агрегаттан үчөө болот. Быйылкы жылы бул ГЭСти ишке киргизүү менен 30-40 миллион сомдун тегерегинде электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биринчи агрегатты ишке киргизүү менен калган агрегаттарды курууга инвестицияларды тартууга оңой болот.

- Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикистанда ГЭСтердин курулушуна доомат коюп жатты эле. Бул маселе кандай чечилет?

- Бул багытта “Камбар-Ата-1” ГЭСи боюнча маселе бар. Бул ГЭСти курууда биз Өзбекстан менен эл аралык нормалардын негизинде сүйлөшүп жатабыз, маселени чечкенге аракет кылабыз.

- Электр энергиясын экспорттоо багытында, анын ичинде Казакстан менен кандай көйгөйлөр бар?

- Бүгүнкү күндө Кыргызстан электр энергиясын экспорттоо боюнча Казакстанга карызы бар. Ал карыз 530 миллион киловатты түзөт. Мындай көлөмдөгү электр энергиясы үчүн Казакстан былтыркы жылы эле Кыргызстандын мурдагы өкмөтүнө 18,5 миллион долларды берип койгон. Алдын-ала төлөнгөн акчаны мурдагы бийлик алып, ал эми карызды биз жабуудабыз. Мындан тышкары Казакстан кошумча 236 миллион киловатт-саат электр энергиясын сураган. Бул боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө, жакын арада чечим кабыл алынат. Ошондой эле биз Казакстандын эркин электр рыногуна чыгып, электр энергиясын сатууну көздөп жатабыз. Бул багытта 1 миллиард киловатт электр энергиясын сатуу мүмкүнчүлүгүбүз бар.

- Сары-Жазда ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси жөнүндө айтып берсеңиз?

- Сары-Жаз дарыясында ГЭС куруу - бул олуттуу долбоор. Сары-Жаз ГЭСин куруу менен саатына 8 миллиард киловатт электр энергиясын өндүрүүгө болот. Бул ГЭСтин курулушуна Кытай тараптын өзгөчө кызыгуусу бар. Анткени Кытай үчүн суу да, электр энергиясы да зарыл. Сары-Жазда ГЭС куруу – биздин алдыда турган милдетибиз. Азырынча бул долбоорду ишке ашырууда конкреттүү инвесторлор жок. (уюштурган М. Ибраева)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу