Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/06 20:07
 

М. Эдигеева: Таласта эл шайлоого жакшы катышты, бирок майда кемчиликтер болду

Талас 29-июнь (КАБАР) Шайлоо жана референдумда кыска мөөнөттөгү байкоочуларды даярдоочу, бейөкмөт уюмдардан түзүлгөн “Таза шайлоо” ассоциациясынын Таластагы координатору Марина Эдигеева  кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

 -“Таза шайлоо” ассоциациясынан Талас облусу боюнча канча байкоочу дайындыңыздар эле?

 -Биз бул жолу Манас районун толугу менен алдык. Ал жерде жалпы 22 участок, ошонун  баардыгына бирден, Талас шаарына 7, Бакай-Ата районуна 5, Талас районуна 6  байкоочуларды даярдаганбыз. Мурда  ар бир участокко 2ден болчу, бул жолу эл аралык донорлордун  референдумдун  болооруна ишенбегендигине байланыштуу бизге каражат кеч бөлүнүп келгендиктен, бирден байкоочу дайындаганга туура келди.

 -Байкоочулардан укук бузуулар боюнча актылар келип түштүбү?

 -Укук бузуулар боюнча актылар бар, бирок жалгыз байкоочунун колу менен эле. Актыларда 3төн кем эмес адамдын колу болуш керек, ошондуктан бул каралбайт. Мисалы, бир шайлоочу алыста болуп калса, же келгиси келбей койсо, алардын ата-энелери, тааныштары тиешелүү документин алып келип, ордуна добуш берип кетишти. Бирок, мурдагы шайлоолорго  салыштырмалуу  укук  бузуулар абдан эле аз.

 -Бул убакка чейин укук бузгандарга кандай чара колдонуп келдиңиздер эле?

 -Буга чейин участоктордо 2ден, бизден тышкары дагы ММКлардан, партиялардан байкоочулар болчу. Бул жолу алар дагы аябай кайдыгер мамиледе болгону байкалды. Мурда бардыгы чогулуп акт түзүп, арыз жазышчу, мында байкоочулар участоктук комиссиянын төрагасына эле айтып, ошону менен эле токтоп калды.

 -Шайлоочулардын катышуусу кандай болду?

-Таласта шайлоочулар бардык райондордо абдан жигердүү катышышты. Бирок бир маселе тизмеде болду. Айрыкча  Манас районунда көз жумганына көп болгон адамдардын, бир үй-бүлөдөн бир эле адамдын аты-жөнү жазылып жүргөндүктөн, кээ бирлери “мен ушинтип такай эле кошумча тизмеге кире беремби” деп, шайлабай кетип калган учурлар дагы болду. Менин оюмча бул атайын даярдалгандай сезилди, себеби көз жумган адамдардын ордуна дагы бюллетень салына берсин дегендей.

 -Шайлоонун жүрүшүнө көз-карашыңыз кандай болду?

 -Жайдын күнү эл, айрыкча айыл жергесиндегилер негизинен эрте турат эмеспи, алар эртең менен саат 7де келип калышкан, ал учурда шайлоого уруксат берилген эмес. Ушул жери талапка ылайык болгон жок, көпчүлүк аксакалдар нааразы болуп кетишти. Анан кечинде дагы элдер талаадан, жумуштарынан келе жатышып дагы шайлай алышпай калышпадыбы,  участокту кечки саат 10до жабыла турган кылса болмок. Ошондо дагы эл көбүрөөк катышмак.  

 

Талас облусунун акыйкатчысы Арзыкан Момунтаева:

-Мен 20 жылдан бери шайлоонун, референдумдун тегерегинде иштеп жүргөн адаммын. Болуп өткөн шайлоо боюнча менин оюм, 20 жылдын ичиндеги, менин өмүрүмдөгү эң кубанычтуу, сүйүнүчтүү, келечектен үмүт жандырган референдум болуп өттү.

 

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коомдук бирикменин Талас областы боюнча өкүлү Шамил Мурат:

-Референдум учурунда биздин байкоочулар протокол түзүштү, протоколдорду ар бир участоктон тактап, мөөр басып, аны облустук Шайлоо комиссиясына жөнөттүк. Жалпысынан бизден 60 байкоочу катышты, 30 шайлоо участкасында, ар биринде экиден байкоочу байкоо жүргүздү. Байкоочулар Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас райондорунда жана Талас шаарында болушту. Элдин референдумга катышуусу абдан жигердүү болду. Байкоочулардын айтымына караганда мурункуларга салыштырмалуу комиссиянын мүчөлөрүнүн тажрыйбасы жок болуп чыкты. Эми аларды окутуу керек.

(уюштурган Мира Сейдикеримова)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу