Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
29/06 18:21
 

Лариса Сосницкая: Жаштар жаңы мамлекетке жаңыча жетекчилик кылууну каалашат

Кыргызстанда Жаштардын иштери боюнча жаңыдан пайда болгон министрлик Акаевдин мурдагы китепканасындагы кооз кабинеттерге жаңыдан эле ээ болууда жана али өзүн көрсөтүүгө үлгүрө элек. Ал ушунчалык татаал контингент менен ишти көтөрө алабы деген суроо бар. Ал суроолорго Жаштардын иштери боюнча министринин орун басары Лариса Сосницкая жооп берди.

-Жаштар менен иштөөдө, кандай көйгөйлөрдү көрүп жатасыңар?

- Революция жаштардын колу менен жасалгандыгы, кыйратуулар жана башкалар болуп өткөндүгү – бул жаштар дуушар болгон кырдаалдын кесепеттери: Бул албетте, социалдык жактан корголбогондук, жумушсуздук, өзүн жана өзүнүн мүмкүнчүлүгүн турмушка ашыруунун мүмкүн эместиги туруктуу стресс. Ал түгүл жаштар өз үй-бүлөсүнө нанды кандайча таап берүүнү билбейт.

Баягы эле тарифтердин жогорулашы, ал жаштар арасында терс толкунду пайда кылды. Ушул бүткүл татаал процесс бузуп-жаргыч көрүнүштөргө: мародерчулукка талап-тоноолорго, өрттөөлөргө алып келди. Революция жасаган адамдар кийин дүкөндөрү талап-тоноого барышты деп ойлобоймун. Бул үмүтсүз стресстик кырдаалга дуушар болгон жаштар.

- Бир жолу төңкөрүш жасаган жаштар кийин андан ары барышы мүмкүн...

-Жаштардын өкүлү - өкмөттүн мүчөсү жана жаштардын кызыкчылыктарын коргойт. Бул орган жаштардын идеяларын жана кызыкчылактарын өкмөткө чейин жеткирүү мөөнөтүн кыйла кыскартуу үчүн түзүлгөн. Бизде жаштар демилгелеринин, жаштардын өнүгүү программаларын турмушка ашыруунун бөлүмдөрү түзүлмөкчү. Жаштардын өзүлөрү программаларды сунуш кылышып, андан соң аларды соцзаказ катары аткарышмакчы.

-Сиз азыр жаштардын кандай дөөлөттөрү бар экендигин, жаштардын башында кандай ойлор бар экендигин билесизби?

-Дөөлөттөр кебелбес бойдон калды: Ал биздин өлкөбүз, мекенибиз. Жаштар муну түшүнөт, ал үчүн кыргызстандык деген түшүнүктүн өзү өтө маанилүү. Экинчи артыкчылык үй-бүлө, балдар, үйдөгү очок. Санай берсе улана берет.

-Көбү жаштардын оюнда акча, чыр-чатактар жана бекер табылгалар бар деп ойлошот...

-Бул өзүнүн потенциалына жол таба албаган жаштардын дөөлөттөрү. Ушундайча жеңилирээк жашоого болот, деп эсептешет алар.

-Туура нукка багыттоо үчүн эмнелерди жасоо керек?

-Макаренконун заманында кароосуз калгандар жана жаш уурулар өтө көп болгондугу эсиңиздеби? Бирок алар жашоо дөөлөттөрүн кайрадан карап чыга алышты. Алар менен иштөө, мисалы курулуш отряддарын кайра жаратуу керек. Жаштар кайсы жерде пайдалуу болушу мүмкүн экендигин жөн эле билбейт.

-Кырдаалды портфель берүү менен түзөтүүгө болобу? Дегинкисинде өзүнчө министрлик керек беле? Балким чиновниктерди көбөйтпөстөн, комсомол сыяктуу жаштар кыймылын кайрадан жаратуу керектир?

-Министрлик керек – факт шексиз, бирок чиновниктерди көбөйтүүгө байланыштуу... Бул нагыз чиновниктик аппарат болбойт, бул жаштардын өкүлдөрү болот. Кызматтарга тандоо Убактылуу өкмөттүн жарыялаган программасы боюнча окуудан өткөндөн кийин болот. Бизге таза, идеялык жагынан такшалган жаш адамдар керек, биз мындайлар табыла тургандыгына жана иштеше ала тургандыгына үмүттөнөбүз. Министрликтин мааниси – өкмөт жана парламент менен түздөн-түз байланыша тургандыгында. Биздин министрибиз адегенде жаштардын алдында, андан кийин парламентте отчет берип турат.

P.S. Министрликтин штатында 48 кызмат орду каралган. Жаштардын иштери боюнча министрликке берилген имаратта бардык мүмкүн болуучу конференцияларды жана тегерек столдорду гана эмес, ошондой эле жаштарды окутуу борборлорун уюштуруу пландаштырылууда. ("24 кg",  которгон Ж.Тынаев)


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу