Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
26/06 16:44
 

С. Жээнбеков: Ош шаарында көп кабатуу үйлөрдү куруп, ар кайсы улуттун өкүлдөрү чогуу жашаш керек, деген сунуштарды колдойм

Ош, 26-июнь (КАБАР). Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы акыркы абал жана тополоң учурунда жабыр тарткан элге кандай жардам бериле тургандыгы тууралуу “КАБАР” агенттигинин суроолоруна жооп берди.

-Сооронбай Шарипович, тополоңдун кесепетинен жабыркаган элге кандай жардамдар көрсөтүлүүдө?

-Чындыгын айтыш керек, бул жаңжалдан элибиз да, мамлекетибиз да орду толгус оор жоготууларга учурадык. Бузулган үйлөрдүн ордуна жаңысы курулуп, материалдык жоготуулардын орду толор. Бирок бейкүнөө каза болгондор менен алардын артында боздоп калган туугандарына жаман болду.

Буга чейин эле бузулган жана күйүп кеткен үйлөр менен имараттардын так санын алып, канча чыгым келтирилгендигин аныктоо боюнча менин биринчи орун басарым К.Тезекбаев жетектеген комиссия түзүлгөн. Буюрса референдумду өткөрүп алсак, комиссия ишке киришип, тез арада чыгымды аныктап чыгабыз. Бизди кубандырган дагы бир жагдай, КР Убактылуу өкмөтүнүн Декрети менен атайын дирекция түзүлүптүр. Алар да тез арада иштей баштаса, бизге жардам болор эле. Эми дирекция шаар, облус деп бөлбөй, жалпы иш жүргүзсө, жардамдар да тегиз бөлүштүрүлмөк. Учурдан пайдаланып, облустун жетекчиси катары ушул кыйын күндөрү бизге эң зарыл болгон азык – түлүк, дары – дармек жана башка жактан гуманитардык жардам берген алыс, жакындагы мекендештерибизге, чет элдик атуулдарга жана эл аралык уюмдарга чоң ыраазычылык билдирип кетким келет. Айрыкча жакын арадагы айыл өкмөттөрү күн сайын оштуктарга нан жаап келип берип турушту. Элибиздин ушундай ынтымагы болуп турганда биз баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, кара ниет душмандардын оюн таш каптырарыбызга ишенем.

-Өзбекстандагы Кыргызстандын Барак анклавындагы абал кандай болуп жатат. Ал жактан кабар алдыңыздарбы?

-Кайгылуу күндөрү Барак анклавындагы туугандарыбызды да унутпай барып, кабар алып келдик. Аларга чатыр, азык–түлүк жана башка гуманитардык жардамдарды да ала барган болчубуз. Барактыктар Кыргызстандын бийлигинен 7-8 сотуктан жер берүүсүн суранышты эле, алардын бул талабы да аткарылуу алдында турат. Жалпысынан 15 гектар жер бөлүп берүү боюнча азыр тиешелүү кызматтар иштеп жатышат. Топлоң күндөрү Барактан алгач 250, андан соң кошулуп отуруп жалпысынан 370 адам убактылуу Кыргызстанга көчүп келишкен.

-Сооронбай Шарипович, Оштун карапайым жашоочулары мындан ары “махаллалардын” ордуна көп кабатуу үйлөрдү куруп, ар кайсы улуттун өкүлдөрү чогуу жашаш керек деген сунуштарды айтышууда. Бул идеяга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Жакшы идея экен. Мен да колдойт элем. Чындап эле ар кайсы урук туугандар же улуттар өзүнчө бөлүнүп жашабастан, чогуу болсо, бири-бири менен мамилеси да жакшы жолго түшмөк. Бир чети шаардын архитектуралык түзүлүшү да жапыс үйлөрдүн ордуна заман талабына ылайык, көп кабатуу имараттардын салынышын талап кылат. Жогорку бийлик да карапайым элдин бул сунушун колдойт деп ойлоймун. Референдум өткөн соң биз да бул боюнча тиешелүү сунушту жогор жакка беребиз.

-Жай мезгили болгондуктан, көпчүлүк айыл эли жайлоого чыгып кетет эмеспи. Алардын да добуш берүүсүнө шарт түзүлгөнбү?

-Албетте, бул жагдай эске алынган. Өзгөчө Алай, Кара–Кулжа, Өзгөн райондорунда жайлоого чыккан элдин саны көп. Алардын шартын эске алуу менен көчмө добуш берүү үкөктөрү түзүлүп, 240 автомашина, аларга керектүү күйүүчү жана майлоочу майлар жетиштүү деңгээлде камдалып, автомашина жүрө албай турган жерлерге жетүү үчүн 118 ат да даярдалды.

-Шайлоо участкаларында коопсуздук камсыз кылынганбы?

-Шайлоочулар коркпой, чочулабай коюшса болот. Жалпысынан облус боюнча миңге жакын милиция кызматкери шайлоо участкаларындагы коопсуздукту камсыз кылып, көчөлөрдө, базарлар менен башка коомдук жайларда да укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Мындан тышкары ар бир айылда ыктыярдуу тартип коргоочулар түзүлүп, алар чагымчылык же башка тартип бузуулар байкалса каршы күрөшүшмөкчү. Ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылууда Афган согушунун ардагерлери да жардам беришет.

Маектешкен Эмилбек МОМУНОВ,


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу