Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
25/06 16:48
 

А.Маматоморов: Ош облусу референдумду өткөрүүгө толук даяр

Ош, 25-июнь (КАБАР). 27-июнга белгиленген референдум Ош облусунда кандай өтөт деген суроо азыр бир эле мамлекеттик эмес, эл аралык деңгээлде да кызыгууну жаратып жаткандыгы белгилүү. Ош облустук шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов “КАБАР” агенттигинин кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

 -Амат Маматоморович, Ош облусу референдумду өткөрүүгө даярбы?

-11-июндун түнүндө башталган массалык башаламандыктан улам көптөгөн адамдардын каза болуп, бир тобу дайынсыз жоголуп жана миңдеген атуулдарыбыздын жашаган жерин убактылуу таштап чыгып кетишинен улам Ош Облусунда референдум кандай өтөт деген кооптонуулар жаралары табигый көрүнүш. Ооба, үй-жайы күйүп, талкаланып, өрттөлүп жана жакындарын жоготуп боздоп отурган адамдар үчүн азыр өз кайгысынан башка маселенин баары экинчи планда турат. Бирок 27-июндагы референдум мамлекетибиздин укуктук талаага түшүп, толук кандуу бийлик орношу үчүн шарт түзгөндүктөн, ар бирибиз атуулдук милдетибизди аткарууга милдетүүбүз.

 Ош облусунда шайлоочулардын жалпы саны беш жүз токсон жети миң сегиз жүз адам. Алардын ичинен 60 миң адам мигрант катары аймактан сыртта жүрүшөт. Бүгүнкү күнгө карата 340 шайлоочу алдын ала добуш беришти. Жети райондук жана 467 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн. Баардык шайлоо комиссияларынын толук кандуу иштеши үчүн ыңгайлуулуктар бар жана  материалдык жана техникалык жактан камсыз болушкан.

Мындан тышкары айрым шайлоочулар жайлоодо болгондуктан, алардын каалоосу боюнча турган жерине шайлоо үкөктөрүн комиссия мүчөлөрү алпарып добуш бериши үчүн техника бөлүнгөн. Облусубуздун аймагындагы жети райондо канча адам жайлоодо экендиги алдын ала такталып, алардын добуш берүүсү үчүн техника, күйүүчү, майлоочу майлар бөлүнгөн. Ошондой эле шаар аралык, мобилдик телефон байланыштары менен камсыз кылынып, интернет менен байланышуу үчүн да шарт түзүлгөн.

 -Мындан мурда тополоң болгон Кара – Суу районунда айрым шайлоо участкалары күйүп кеткендиги тууралуу маалымат айтылды эле, ушул чынбы?

 -Ооба, Кара – Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн Л.Толстой атындагы мектепте жайгашкан шайлоо участкасы күйүп кеткен болчу. Бүгүнкү күндө ал шайлоо участкасы башка жакка көчүрүлүп, референдумду өткөрүүгө толук шарт түзүлдү. Ал эми ушул эле райондо Нариман, Мады, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн жана башка 10-15 участкада кыйынчылыктар бар. Анткени бул аймактын жашоочулары тополоң учурунда үй-жайын таштап кетип калышкан. Азыр алардын айрымдары келип жатышат. Алардын баарын райондук деңгээлде түзүлгөн атайын комиссия тактап жатат.

 -Тилекке каршы ошол убактылуу ар кайсы жакта качып же баш калкалап жүргөндөрдүн документтери күйүп кеткен эмеспи, алар референдумга кантип катыша алышат?

 -Бул боюнча КР Убактылуу өкмөтүнүн атайын Декрети чыккан. Ага ылайык документи жок адам ошол өзү жашаган шайлоо участкасына келип, жергиликтүү органдарда катталгандыгы текшерилет жана аны тааный тургандыгы боюнча эки комиссия мүчөсү таанып акт түзсө, шайлоого катыша алышат. Мындан тышкары документи жоголгон адамдарга жылдын аягына чейин убактылуу справка берилет.

 -Амат Маматоморович, шайлоо участкаларынын жана добуш берүүгө келген шайлоочулардын коопсуздугу кандай деңгээлде камсыз кылынган?

 -Мына өзүңүз көрдүңүз, Сиздин алдыңызда эле мен жарым саат облустук ички иштер башкармалыгын жетекчиси менен ушул маселе боюнча сүйлөштүм. Укук коргоо органдары тарабынан баардык коопсуздук чаралары көрүлгөн. Эч кандай чагымчылыкка жана тескери үгүт иштерине жол берилбейт. Кокус андай аракеттер болсо, мыйзамдын чегинде чаралар көрүлөт.

 -Ал эми элди референдумдун мааниси, мазмуну тууралуу маалымат менен камсыз кылуу, үгүт баракчаларын жеткирүү ойдогудай болдубу?

 -Азыр республикабыздын баардык аймактарында телевидение, радио жеткен. Гезит, журналдар да өз убагында барып турат. Элибиз саясый жактан өтө активдүү. Биз болсо тиешелүү үгүт баракчаларын бир эмес, эки, үч ирет тараттык. Кыскасы, референдум тууралуу ар бир адамдын жеткиликтүү түшүнүгү бар деп ойлоймун.

Маектешкен Эмилбек Момунов


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу