Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/06 10:01
 

Нурипа Муканова: Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган

БИШКЕК, 23-июнь. (КАБАР). Бүтүндөй коомчулук коррупция менен күрөшпөсө, кандайдыр бир органдын күчү жетпестиги баарыбызга белгилүү. Ошентсе да, коррупция менен күрөштү таптакыр токтотуп салбай, алга жылдыруунун аракетинде жүргөндөр бар. Алардын бири – Коррупцияга каршы ишкер кеңеш. Элди пара берүү түшүнүгүнөн арылтуу, коррупциянын түп-тамырын жок кылуу багытындагы аракеттер тууралуу “КАБАР” агенттигинин суроолоруна Коррупцияга каршы ишкер кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова жооп берди.

- Кыргызстанда паракорчулуктун өсүшүнө эмнелер түрткү болууда деп ойлойсуз? Мыйзамдардын жетишсиздигиби же укук коргоо органдарынын жеткиликтүү иштебегендигиби?

- Биричинден, мыйзамдардын туура эместиги коррупциянын күч алышына түрткү болууда. Бизде коррупция деген пара алуу менен гана чектелет. Бул туура эмес. Бүтүндөй саясат туура эмес багытталса, дал ошол көрүнүш коррупцияга алып барат. Ушундан улам бардык тийиштүү мыйзамдар менен жоболорду кайрадан карап чыгуу керек. Коррупцияга жол ача турган нормативдик актылар алынганда гана, коррупция менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдарды алгылыктуу деп эсептесек болот. Мыйзамдарды кайра иштеп чыгууда атайын эл аралык көз карандысыз жана жергиликтүү эксперттер, бейөкмөт уюмдар, жарандык коомчулук тартылып, биргеликте иштешүү зарыл. Ал эми бизде министрликтер өздөрүнүн жобосун жазып коюу менен чектелип калган.  

            Экинчиден, саясий эрк болушу керек. Мамлекет башында тургандар: “коррупция менен күрөшөбүз, өзүбүз таза болобуз” дегенде гана элдин ишеними артып, коррупцияга бөгөт коюуга болот.

- Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө ар кандай долбоорлор эмес, атайын программа иштеп чыгуу зарылчылыгы бардыр?

- Бизде программалар жетиштүү. Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган. Коррупция менен күрөшүү жөнүндө мыйзам да бар. Кыскасы, мыйзам түрүндө бардыгы бар. Бирок, ошол эле учурда коррупция болуп көрбөгөндөй күч алган. Учурда биз коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөлүк рейтингде 164-орунда турабыз.

            7-апрелдеги окуялардын болушуна да коррупциянын күч алышы түрткү болду. Ушундан улам жаңы бийлик коррупциядан алыс болуп, аны менен чындап күрөшө тургандар келиши керек деп эсептейм. Эл жетекчинин таза экендигине көзү жетип, башкара ала тургандыгына ишеним артышы керек.

- Кыргызстанда коррупция бар, аны менен күрөшүп атабыз дейбиз. Бирок эч кандай жылыш, же жыйынтык жоктой. Балким пара берүү элдин аң-сезимине сиңип калгандыр?

- Албетте, пара берүү элдин аң-сезимине терең сиңип кетти. Мурунку бийликтин жүргүзгөн саясаты элди ушундай акыбалга алып келди. “Пара бермейин ишибиз жылбайт” деген түшүнүк, аксиома бар. Эл дал ушундай түшүнүк менен жашап калган. Бирок бүгүнкү күндө жаштар коррупцияга жол бербейбиз, күрөшөбүз деп чыгышууда. Элдин мындай демилгесин колдоого алып, бийликке келгендер коррупциянын тамырын кыюуга аракет көрүшү абзел. Башкысы бийликке келгендер “мен коррупционер эмесмин” деп айта алса, ал жалпы элге үлгү боло алат эле.

- Коррупциянын экономиканын өнүгүшүнө тийгизип жаткан кесепеттери канчалык?

- Коррупция экономиканын бардык тармагынын өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жатат. Улуттук кирешенин көп бөлүгү коррупционерлердин чөнтөгүнө кетип, элге эч нерсе калбай атат. Ошондуктан, биздин саламаттыкты сактообуз аксап, билим берүүбүз начар болуп, элибиз жакырчылыктан чыга албай келет. Бирок Кыргызстанды кедей өлкө деп айта албайм. Кыргызстан – бай өлкө. Өкүнүчтүүсү, кемтиктер толтурулуп, абалды оңдоого жумшала турган кирешенин баары жеке чөнтөктөргө кетип атат.

- Коррупцияны кантип жеңүү керек? Балким бизге репрессивдүү чараларды колдонуу зарылдыр?

- Коррупция менен күрөшүүдө анын натыйжалары тез эле көрүнө калбайт, бир топ убакыт өткөндөн кийин гана көрүнөт. Алсак, чек ара, бажы кызматтарындагы коррупциялык схема менен күрөшүп жатабыз. Кимде-ким чек арадан күндө өтсө, дал ошол адамга коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалары байкалат.

            Коррупция менен күрөшүү боюнча бир катар иликтөөлөр, сурамжылоолор болду. Сурамжылоого катышкандардын көбү бизде коррупция менен күрөшүү үчүн репрессиялык чараларды колдонуу керектигин айтышат. Мындай ушундай жол менен гана коррупция менен күрөш натыйжалуу болоорун белгилешет. Бирок коррупциядан арылуунун башка да жолдору бар. Алсак, бир чиновник чындап пара алганы үчүн айыпталып, мамлекетке келтирген зыяны тууралуу ачык айтылса, жалпыга үлгү болуп, бул көрүнүш коррупциянын тамырын кыюуга шарт түзмөк.

- Коррупция менен күрөшүүдө сиз жетектеген ишкер кеңеш кандай ишти аркалап жатат?

- Биздин негизги милдет коомчулукка маалымат жеткирүү. Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барабыз. Мисалы, учурда Мамлекеттик чек ара жана Мамлекеттик бажы кызматтары менен иштешип, аталган кызматтарда коррупция фактысы катталгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшсө, биз мамлекеттик органдарга оперативдүү түрдө билдирип, тийиштүү чараларды көрөбүз. Пара алуу фактысын колунан кармап алмайын, далилдеп бериш кыйын. Ошентсе да, аталган мамлекеттик органдар биздин бир да билдирүүбүздү жерге калтырбай, текшерип, жооп кылышууда.

- Эгерде тийиштүү мамлекеттик органдар сиздер билдирген фактыларга жооп кылбаса кандай аракеттер көрүлөт?

- Эгерде мамлекеттик органдар ишти акырына чыгарбаса, биз мониторинг жүргүзүүнү уланта беребиз. Көчөгө чыгып болсо да, коомчулукка жеткирип, жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирип, коррупция менен күрөшүү боюнча тийиштүү иш токтоп калгандыгын маалымдайбыз. Биздин башкы куралыбыз – маалымат таркатуу. Ушундан улам коррупция менен күрөшүүдө маалымат жеткирип туруу ишин токтотпойбуз. ( даярдаган М. Ибраева)

 


Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу