Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/06 21:05
 

Референдум Кыргызстандын келечегин чечет

Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуяларга байланыштуу 27-июнга белгиленген бүткүл элдик референдумду өткөрүүнүн тегерегинде азыр эл арасында ар кандай пикирлер айтылууда. Биз ушул жана башка референдумду өткөрүүнүн зарылчылыгы тууралуу Кыргызстан социал демократтар партиясынын жаштар канатынын мүчөлөрү Рысбек Жунушев жана Нур Шерниязов менен маектештик

- Учурда республикабыздын түштүгүндөгү кайгылуу окуяларга байланыштуу 27- июнга белгиленген референдум тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Силердин оюңузча референдум өтүш керекпи? Дегеле 27- июндагы референдумду өткөрүүнүн учурда Кыргызстан үчүн канчалык зарылчылыгы бар?

- 2010 жылдын 7- апрелинде өлкөбүздө элдин ошол мезгилдеги Президент Бакиевдин режимине болгон нааразычылыгынын натыйжасында революция болду, Бакиевдер жана алардын жакындары өлкөдөн качууга мажбур болушту. Ошол мезгилден тартып Бишкекте жер басып алууга болгон аракеттердин, Маевка айылындагы кагылышуулардын жана бүгүнкү күндөрдө болуп жаткан түштүктөгү каргашалуу окуялардын түздөн - түз байланышы бар экендиги бүгүнкү күндө жалпыбызга маалым болду. Мунун артында кимдер туруп, уюштуруп жаткандыгы четинен билинип жатат. Албетте, мындай окуялар жалпы Кыргызтандыктарга оор жоготууларды алып келүү менен бирге, элибизди терең кайгыга салып олтурат. Мындай кырдаалда коомчулукта ар кандай ой - пикирлердин жаралышы мыйзамдуу көрүнүш деп эсептейбиз. Анткени, өлкөдө туруктуу абал орнобосо, жер жерлерде чагымчылар чыгып, алардын арасында көзгө атарлар элге кол салып, ар кандай жалган маалыматтарды таратып, коркутуп, элди бири - бири менен кагылыштырып жатышса, элдин ою Референдумга эмес, башка жакка бурулуп кетүүдө. Мындай кырдаалда жалпы мамлекетибиздин укук коргоо органдары, элдик кошуундардын колдоосу менен, тез арада аталган чагымчылыктын уюштуруучуларын жана аткаруучуларын колго түшүрүүгө, болбосо жок кылууга, чечкиндүү иш аракеттерди жүргүзүүгө тийиш деп эсептейбиз.

Референдум болсо сөзсүз түрдө өтүшү керек, анткени бул референдумдун натыйжасында биз мамлекетибиздин Баш мыйзамы - Конституциябыздын жаңы редакциясын кабыл алабыз. Өткөн 20 жыл биз үчүн сабак болуп деле калбадыбы. 15 жыл Акаев, андан кийин 5 жыл Бакиевдин башкарууларына өзүбүз күбө болбодукпу. Алар экөө тең өз учурунда Кыргызстандын кызыкчылыгынан үй - бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын артык көрүшкөн.

- Ошол референдумда сунуш кылынып жаткан бийликтин башкаруу формасынын мурдагысынан кандай айырмасы бар?

- Эски Конституция боюнча, Мамлекетибиз Президенттик башкаруу формасында болуп келген, жаны редакция боюнча Парламенттик болот.

Президент жаңы Конституция боюнча Парламент жана Өкмөттүн ортосудагы күчтүү Арбитрге айланат, мурдагы Президент сыяктуу жакындарына ЦАРИИ, Мамлекеттик күзөт кызматы сыяктуу Мамлекеттик органдарды тузуп беруу укугунан ажыратылат, үй - бүлөсү менен толук мамлекеттик камсыздоодон бошотулуп, алган айлыгына гана жашап калат, көптөгөн укуктарынан ажырайт, кол тийбестигинен ажырап, туура эмес кылган иштерине жоопко тартылат.

Ошол себептен, бизге - кыргызстандыктарга, 2010 - жылдын 27- июнунда ушул Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынуусу, азыркы замандын талабы деп эсептейбиз.

Эгерде референдумду өткөрүп, өз добуштарыбызды берсек жогорудагы бийликк реформасына жетип, өлкөбүздүн жаңылануусуна шарт түзөбүз.

- Кыргызстан КМШ аймагындагы алгачкы ирет Парламенттик башкарууга кадам шилтеп отурат, башкаруунун мындай формуласынын кандай өзгөчөлүгү бар?

- Парламенттик башкаруунун өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:

Биринчиден, Парламенттик башкаруу формасы КМШ аймагындагы Борбор Азия өлкөлөрүндө, биринчи ирет Кыргызстанда киргизилип жатат. Мындай башкаруу формасы Мамлекеттин авторитардык башкаруудан түздөн - түз айрылуусун билдирет.

Парламенттеги депутаттык орундар учун Парламенттик шайлоого партиялар ат салышат. Натыйжада эл ичинде чон ишенимге ээ болгон күчтүү партиялар алдыга чыгышат.

Көпчүлүк добушка ээ болгон партия 65 депутаттык мандатка ээ болот, калган 55 мандатка кийинки партиялар ээ болушат. Парламенттик көпчүлүктү түзгөн партия Өкмөттүн курамын түзүүгө укук алат. Ошону менен бирге, мурунку Конституциянын редакциясында көрсөтүлгөндөй, Президенттин Конституцияны өзгөртүү сыяктуу укугу 65 депутатка ыйгарылбайт жана алар бийликти башкарып алуу укугунан ажырашат. Өз кезегинде калган 55 депутат, алардын ичинде оппозиция өкүлдөрү сөзсүз түрдө болууга тийиш, Парламенттик көпчүлүккө андай иштерге барууга жол беришпейт.

Жаңы Конституциянын долбоору боюнча, Парламенттик оппозицияга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, бюджет жана укук коргоо комитеттеринин төрагаларынын орундарынын берилүүсүнө кепилдик берилет. Ошону менен бирге алар Парламенттик көпчүлүк менен тең укукта Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Борбордук Шайлоо Комиссиясынын жана Соттор кеңешинин мүчөлөрүн дайындашат. Мындай укуктар мурунку Парламенттин оппозициячыл депутаттарында болгон эмес. Муну оппозициялык маанайдагы партиялардын чоң утушу деп айтсак болот.

Ошондой эле эгерде Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн ортосунда пайда болгон талаш - тартыш чечилбей кала турган болсо, Өкмөт башчысынын сунушу менен Президент Жогорку Кеңешти таркатып жиберүүгө жана жаңы шайлоону дайындоого укуктуу болот. Ошондуктан бийлик бутактарынын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар тынч жана мыйзамдуу түрдө чечилүүгө шарт түзүлөт.

- Учурда жаштар уюмдары Парламенттен депутаттык орундарды женилдик (квота) менен алууну суранышууда. Бул маселеге пикириниздер кандай? Дегеле жаштардын орду бийликте кандай болуш керек?

- Албетте, Парламентте жаштардын болушу тийиш. Бирок өзгөчө азыркы учурда мамлекетибизде көптөгөн жаштар уюмдары түзүлүп жаткандыгына күбө болуп жатпайбызбы, бул көрүнүш туура же туура эмес дегенден биз алыспыз. Мезгил өзү көрсөтөт деп эсептейбиз. Ошону менен бирге айта кетсек, Парламентке жогоруда айтып кеткендей, көпчүлүк добуш алган партиялардын мүчөлөрү гана кирет, ошолордун арасынан жаштардын, эркек жана аялдардын канчасы мандат алары, партиялардын өздөрүнүн Платформаларынын, Программаларынын жана партиялардын курултайларында мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган чечимдеринин негизинде белгиленет. Канчалык жаштардын ар кайсы жашоо - турмуш тармагында аракеттери жигердүү болсо, ошол иштерден ийгиликтүү натыйжа чыкса, тажрыйбалары чоң болсо, андай жаштардын мамлекеттик башкарууда да ошончолук ийгиликтерге жетишүүсү зор болот деп эсептейбиз.

Ошондуктан Жаштарга өзгөчө кайрылып кетээр элек, эл ичинде абройу чоң, кенен тажрыйбасы бар, туруктуу партияларга идеялуу, тажрыйбалуу жаштар көбүрөөк келишсе, ошончолук алардын мүмкүнчүлүгү да көп болот эле. Себеби абройлуу партиялардын мүмкүнчүлүктөрү чоң болот. Демек, мамлекетке да чоң пайдасы тийет эле деп эсептейбиз. Себеби өлкөбүздүн келечеги жаштардын колунда да.

- Коомчулукта ар кандай пикирди жараткан расмий тил маселеси мурдагыдай эле чечилбей кала берүүдө. Дегеле орус тилинин Кыргызстанда расмий тил катары калышы тийишпи?

- Ооба, Конституциянын жаны долбоорунда да орус тилине расмий тил деген наам берилди. Биздин оюбузча орус тилинин расмий тил катары калышы туура эле чечим деп эсептейбиз. Себеби орус тили Кыргызстанда жашаган ар кайсы улуттардын ортосунда өз - ара пикир алышкан тил катары колдонулуп келет. Мындан сырткары орус тили БУУ (ООН) 6 иш жүргүзуучү тилдеринин бири катары колдонулат. О

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу