Интервью

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
09/06 15:53
 

С. Айжигитов: Өзбекстандын Сох анклавы биз үчүн проблема жаратып келгендиги анык


(Кабарчыбыз Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучуга бир нече суроо менен кайрылган)  -Султанбай Абдрашитович, Сох анклавында инциденттин чыгышына эмне себеп болду?  -Баткен районун Чарбак, Согмент айылдарынын айланасындагы окуялар жалпы кыргыз элинин көңүл борборунда болуп келди. Буга чейин деле Өзбекстандын Сох анклавы биз үчүн проблема жаратып келгендиги анык. Өзүңүз билесиз, чек ара аймактарындагы жарандардын өз ара каттоосу боюнча өкмөт  аралык келишимдин бар экендигине карабастан Өзбекстандын Сох анклавынан транзиттик каттамда Кыргызстандын жарандарына ички жарандык паспорт менен өтүүгө уруксат берилбей, кыйынчылык болуп келген. Аталган аймак тургундары 100 чакырымдай Баткен – Бүргөндү – Пүлгөн жолу менен айланып өтүп жатышкан. Өзүңүз билесиз бул жолду учурунда ашар жолу менен баштап койгон экенбиз элибиз кыйналбай өз жолубуз менен каттап турду. Бирок, Сох анклавынын айланасында биздин бир нече айылдарыбыз, миңдеген жарандарыбыз да бар эмеспи. Алар Сох анклавындагы Хушар айылынан каттап турушкан. Өткөн 26-майда кечки саат 23 чамасында  аталган айылдан өтүп бара жаткан учурда 3-4 машиналарга таш ыргытып, жарандарыбызды өткөрбөй коюшкан. Ал  бейбаш  топтор  өздөрүнүн бул аракеттери менен чагым  жасашып эки  элди бири бирине тукурууну көздөшкөн. Натыйжада чоң чатак чыгып кете жаздаган. Маалымат мага келээр замат ошол эле түнү окуядан бир саат өтүп өтпөй мен бардык тиешелүү кызматтардын жетекчилерин чакырып абалды жөнгө салуу боюнча чукул жыйын өткөрдүм. Натыйжада биздин кийгилишүү менен жарандарыбызды аман–эсен кутултуп алдык. Бирок биздин жарандардын автоунаасы талкаланып материалдык чыгым келтирилген эле. Эми материалдык чыгымдын ордун толтурса болот. Эң негизгиси окуянын кандуу чатакка айланып кетишине жол бербедик. Анын бетин ары кылсын, бирок андай коркунуч бар эле. Ошол күндөгү жана андан кийинки маселе чечилгенге чейинки кырдаал өтө оор болуп жатты. Элди козгоп кайраштырып коюу оңой эле, ага көп акылдын деле кереги жок. Ал эми элди тынчтандыруу оңой эмес. -Айтсаңыз, Ферганадагы сүйлөшүүлөрдө Сох анклавынын айланасындагы кандай көйгөй маселелерди чече алдыңыздар?  - Фергана облусунда эки тараптуу  сүйлөшүүоңой болгон жок, чынын айтып коюш керек. Алар тараптан, биз тараптан айтылган маселелер баары каралды. Чечилген маселелер биз үчүн натыйжалуу болду десем болот. Мен бул жерде өзүмдүн коллегам, Фергана облусунун акими Хомиджон Нематовго жана Өзбек республикасынын МУКК алдындагы Чек Ара Кызматынын төрагасы, генерал-майор             Руслан  Мирзаевке ыраазычылык билдирип кетемин. Себеби эки элдин ынтымак жашоосу жана тынчтыгы учун бири бирибизди түшүнүү менен биргеликте көп иштерди жасоого туура келди.      Бүгүнкү күндө аталган аскер күчтөрү толук Сох анклавынан чыгарылып кетти. Ал эми биздин жарандар ички жарандык паспорт менен анклавдан транзиттик жол менен кеңири өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Сох анклавындагы жана анын айланасындагы биздин айылдардын  калкынын саны жылдан жылга көбөйүп жатат, ага жараша элдин муктаждыгы да  өсүүдө. Ал жердеги элдер негизинен мал чарбасы, дыйканчылык менен алектенет эмеспи. Өз мезгилинде жердин тардыгынан биз көп жарандарыбызды Бүргөндү массивине көчүргөнбүз. Эл көбөйгөн сайын жайыт, суу маселеси улам курчуйт эмеспи. Ошондуктан биз тараптан  суу чыгаруу, жаны жерлерди өздөштүрүү аракеттери болуп жатты. Бейөкмөт уюмдар канча жардам берип жатты. Жайыттарды арендага пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү сунушу менен Ташкентке сунуш айтылып , ал сунушка  Өзбекстандын расмий бийлиги  оң жооп берген эмес. Жолугушууда  жаны келишим түзүлгөнгө чейин быйылча алардын малын жайытка чыгарууга макулдугубузду бердик. Албетте мүмкүнчүлүгүбүзгө карап уруксат берип, ошол эле учурда өзбек жарандарынан малын дарылап чыгаруусун көзөмөлгө алып текшерип чыгарып турушубуз керек. Мындан башка  Сох анклавындагы  чырга биздин жарандардын 7 автомашинасына зыян келтирилген эле, ал материалдык чыгым толук төлөнүп бериле турган болду. Ошондой эле Чарбак айылына баруучу суу трубалары жана казылган жол жолугушуунун эртеси күнү эле калыбына  келтирилди.   -Эми ушуну менен Сох анклавындагы проблема  биротоло чечилди десек болобу?  -Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Буга чейин Сох анклавын түндүк-батыш жана түштүк-чыгыш тарабынан да айланып өтүүчү жолдордун курулушу жүрүп жаткандыгынан баарыбыздын кабарыбыз бар. Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолу боюнча учурда кытайлык компания тендерди утуп алып, дүйнөлүк стандарттагы жолдун курулушу боюнча алгачкы иштерин баштады. Ал эми Айгүлташ- Согмент-Таян жолун элдин колдоосу менен ашар ыкмасы менен баштап койгон элек. Учурда ал жолдо грейдер иштеп жатат, бирок оңдоп түзөө иштери көп каражаттарды талап кылгандыктан Исмаил Исакович Согмент айылына келгенде элдин каттоосун жеңилдетүү учун Убактылуу Өкмөттөн 1 млн. сом бөлдүрүп берүүгө убадасын берди. Мындан сырткары жол транспорт жана коммуникация министрлигинен чоң каражат бөлүнүүсү каралууда. Таштак жол болсо да өзүбүздүн жол менен каттаганыбыз туура эмеспи. Кандай болгон күндө да эки элдин ортосундагы өз ара достук жана маданий карым катнашты өөрчүтүп, соода-сатык байланышты өнүктүрүп дайыма бири бирибизге сый мамиледе болуубуз керек.  Биздин ата бабалар кылымдардан бери  кошуналар менен достукта жана ынтымакта жашап келген, мындан арыда биз бул багыттан тайбайбыз.  (Мамажан Бердишев) 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу