Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
09/06 14:32
 

Т. Сабырбекова: Күн сайын бир же эки аялда сүт безинин рагы аныкталат

БИШКЕК, 9-июнь. (КАБАР). Дүйнөдө зыяндуу рак шишигине чалдыккан аялдардын арасында сүт бези рак оорусунан улам каза болгондордун саны өсүүдө. Жыл сайын 1,1 миллион аялда сүт безинин рагы аныкталса, 410 миңден ашыгы бул дарттан улам каза болот. Башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да бул ооруга чалдыккан аялдардын саны өсүүдө. Кыргызстанда жыл сайын сүт безинин рагы 400 аялда же күнүнө бир же эки аялда аныкталат. Муну менен катар бул зыяндуу шишикти баштапкы стадиясында аныктоо өтө төмөнкү деңгээлде калып, дарылоо кыйынга жана кымбатка турууда.

            Кыргызстанда сүт бези рагынын күч алышына байланыштуу бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында эки жылдык долбоор ишке ашырылып келет. “Сүт бези рагынын баштапкы диагностикасы жана профилактикасы” деп аталган долбоор “Эргэне” бейөкмөт медициналык уюму тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташтыкта, Швейцария өкмөтүнүн каржылай колдоосу менен ишке ашырылууда. Аталган долбоордун ишке ашырылышы жана сүт бези рагы тууралуу “КАБАР” агенттигинин суроолоруна “Эргэне” коомдук фондунун жетекчиси Таалайгүл Сабырбекова жооп берди.

- Кыргызстанда сүт бези рагына чалдыккандардын саны канча?

- Акыркы жылдары дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда зыяндуу шишик оорулары өсүүдө. Муну менен катар биздин өлкөдө рактын баштапкы диагностикасын аныктоо да эң төмөнкү деңгээлде калууда. Кыргызстанда зыяндуу шишик оорусуна чалдыккан аялдардын көбү сүт бези рагы менен жабыркашат. Алар дээрлик 17,6 пайызын түзөт. Бүгүнкү күндө сүт бези рагы менен республика боюнча 2960 аял каттоого алынса, Бишкек боюнча каттоодо 1126 аял турат.

- Бул оору эмнеден улам пайда болушу мүмкүн?

- Аялдарда сүт бези рагы эмнеден улам пайда болоорун эч ким так айта албайт. Сүт бези рагы бир адамдан башкага жукпайт дагы. Ооруга чалдыгуунун бир катар факторлору бар. Алсак, ички гармоналдык факторлор – эстроген гормонунун таасири, кеч биринчи төрөт, төрөбөй калуу же төрөгөндөн кийин эмизбөө, семирип кетүү, алкоголь ичимдигин көп ичүү. Мындан тышкары генетикалык фактор же бул оору менен ооруган жакындары – апасы, эжеси болсо, сүт бези рагына чалдыгуу коркунучу бар. Ошондой эле эрте жаш курагында радиациялык нурлануу да бул ооруна пайда кылышы мүмкүн.

- Сүт бези рагын аныктоо үчүн кандай текшерүүдөн өтүү керек?

- Сүт бези рагын аныктоо ыкмаларынын эң маанилүүсү рентгендик маммография болуп саналат. Маммографиянын жардамы менен оорунун эрте диагностикасын аныктоого, шишиктин чоңоюшу, жайылышын так баалоого болот.

- Өз алдынча рак шишигин аныктоого мүмкүнбү?

- Ооба, көп учурда аялдар эмчегиндеги шишикти өздөрү байкашат. Алсак, ар бир аял ай сайын айыз аяктоосу боюнча сүт безин өз алдынча текшере алат. Алар сыйпалап кармалоо менен эмчегинде өзгөрүүлөр жок экендигин оңой эле биле алышат. Эгерде эмчектин териси өзгөрсө, шишик тартып, кызарса, сүт безинин өзгөчө катуу болушу, үрптөн кан аралашкан суюктуктун чыгуусу, карттанып калышы байкалса, булар сүт бези рагынын белгилери болушу мүмкүн.

- Канча жаштан тартып атайын текшерүүдөн өтүп туруу зарыл?

- 20 жаштан 40 жашка чейинки аялдар эч кандай оору белгилери болбосо да, эки жылда бир ирет маммологго барып, текшерилип турушу зарыл. Жок дегенде үй-бүлөлүк дарыгерлер, фельдшер-акушердик пунктта текшерилип турса, сүт бези рагынын алдын-алууга мүмкүн болот. Ошондой жогоруда айтылган ыкма менен өз алдынча текшерүү жасашы керек. Негизинен эле 40 жашка чыга элек аялдар жок дегенде эки жылда бир жолу сүт безин ультра үндүү текшерүүдөн (УЗИ) өткөрүп турушу абзел. Ал эми ден-соолугу жакшы 40тан өткөн аялдар болсо эки жылда бир ирет маммографиядан өтүп турушу керек.

- Сүт бези рагын дарылоого болобу?

- Албетте, болот. Бүгүнкү күндө онкология алдыга жылып, өсүштөр болууда. Жаңы дары-дармектер пайда болду. Жакында Бишкектеги Улуттук онкология борборунда иммуно-гистохимия лабораториясы ачылат. Бул лаборатория рактын түрүн аныктап, жеке дарылануу ыкмасын көрсөтүп берет. Негизинен рак канчалык эрте аныкталса, аны дарылоо ммүкүнчүлүгү ошончолук көп болот. Бүгүнкү күндө сүт бези рагын дарылоодо, дарылануунун бир канча түрүн тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Анын ичинде хирургиялык, нурландыруу терапиясы, химиотерапия, гормоналдык дарылануу. Дарыланууну тандоо көп нерседен көз каранды. Алсак, шишиктин абалы, анын жайылышы, бүтүндөй адам организминин абалы жана башка көрсөткүчтөр эске алынат.

- Сүт бези рагынын коркунучун азайтууга болобу?

- Албетте, болот. Баардык оорунун алдын-алууга болгон сыяктуу эле, сүт бези рагынын коркунучун да азайтууга болот. Алсак, дене тарбиялык активдүүлүк гормон деңгээлин төмөндөтүп, анын натыйжасында эмчек рагынын пайда болуу коркунучу да азайтат. Ошондой эле, кадимки тамактануудан да көп нерсе көз каранды. Майлуу жана куурулган, ошондой эле таттуу тамактарды азыраак пайдаланып, алкоголь ичимдигин ашыкча ичүүнү токтотуп, көбүрөөк жашылча-жемиш жегенге аракет кылуу керек. Мындан тышкары тамеки тартуу да рак шишиктеринин пайда болуусун шарттайт.

- “Сүт бези рагынын баштапкы диагностикасы жана профилактикасы” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө айтып берсеңиз?

- Бул долбоор сүт бези рагынын баштапкы диагностикасы жана аны дарылоого байланыштуу иш-аракеттерди камтып, негизинен 4 милдетти аркалайт. Алар: аялдардын сүт бези рагы жана анын алдын-алуу боюнча аялдардын маалымат алуусунун деңгээлин жогорулатуу, сүт бези рагынын баштапкы диагностикасын аныктоодо врач адистер тарабынан текшерүүнүн жолдорун иштеп чыгуу, диагноз коюу жана Улуттук онкология борборунда иммуно-гистохимиялык лабораторияны ачуу, сүт бези рагына чалдыккан аялдарга психо-онкологиялык жардам көрсөтүү.

            Долбоор Кызматташтык боюнча Швейцария бюросу тарабынан каржылай жана техникалык колдоого алынып, узактыгы эки айга созулат. Учурда долбоордун алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарында көчмө бригадалар иштешүүдө. (даярдаган Мээрим Ибраева)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу