Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/06 18:54
 

Т.Какчекеев: Сох анклавына Өзбекстандын аскердик техникаларынын киргизилиши туура эмес болгон

26-майда Баткен облусунун аймагындагы Сох районунун Хушяр айылынын жашоочулары кыргызстандык атуулдардын жолдон өткөн автомашиналарын ташбараңга алышынан улам уланып кеткен эки тараптын чатагы чоң жаңжалга айланып кете жаздады. Биз ушул жана башка өлкө коопсуздугуна байланыштуу жагдайлар боюнча коопсуздук кызматынын полковниги, саясат таануучу Токтогул Какчекеевге айрым суроолор менен кайрылдык.

-       Токтогул Какчекеевич, Баткен районунун аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавындагы суу, жайыт маселесинен чыккан чатак аз жерден чоң жаңжалга айланып кете жаздады. Дегеле Кыргызстандын ичине башка мамлекеттин аскерлери менен техникаларынын киргизилиши туура болгонбу?

-       Негизи эл аралык эреже боюнча бир мамлекеттин аймагына башка мамлекеттин аскерин же аскердик техникасын киргизиш үчүн Парламент чечим чыгарат. Ал эми бизде 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин Коргоо министринин чечими менен эле кошуна мамлекеттин көп сандагы аскердик техникалары киргизилип кеткен. Мындай кадамга аскердик тактиканы билбеген, чала сабат, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын ойлобогон гана адамдар барат.

Ал эми Сох анклавы Өзбекстан үчүн анчалык деле коркунуч туудура турган аймак эмес. Эми ушул чакан аймакка чоң согуштук техникаларды киргизүүнүн кереги жок болчу. Эми болсо Анжиян окуясындагыдай тополоң чыгып кетсе эл ал жердеги курал-жаракты тартып албасын деген коркунуч менен чыгарып кетип жатышат.

-       Мен ошол кандуу 7-апрель күнү Түркияда элем. Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары, айрыкча телеканалдары  биздеги окуяны аябай кеңири чагылдырып жатышты. Бирок Бишкектеги борбордук аянтта бейкүнөө жаштардын окко учкандыгына жаның кейисе, экинчи жактан соода борборлорунун бир түндө таланып-тонолуп, күйгүзүлүшүн көргөндө уялып, жер карайт экенсиң. Чыңгызхандын жоокерлери да мындай тездик менен талоончулук кыла албаса керек эле. Дагы беш жылдан кийин ушундай окуя  кайталанбайбы?

-       Бул суроону Түркиядан баштаганыңыз эң жакшы болду. Мен да бул мамлекетте болуп, алардын мекен үчүн өмүрүн да кыюудан кайра тартпаган эрдигин, мекенчилдигин көрүп, таң калганмын. Эгер тарых барактарына көз чаптырсак да Түркия нечен кандуу кагылышууларды баштан өткөрүп, элин, жерин сактап калгандыгына күбө болобуз. Осмон империясынын 600 жыл өкүм сүрүп турушу эле эмнени далилдеп турат. Дал ушул мекенчилдик бир кезде Ала-Тоо аймагынан чыккан түрктөрдү Европа, Азия, Африка континенттериндеги эң кооз, экономикалык жактан ыңгайлуу жерде отурукташып калуусуна, дүркүрөп өнүгүүсүнө негиз болду.

 2005-жылдын 24-марты менен 2010-жылдын 7-апрелинин түнүндөгү болгон талоончулуктардын көптөгөн себептери бар. Албетте, укук коргоо органдары өз милдетин аткарып, жеке менчик ээлеринин укугун коргош керек эле. Бирок бизде өткөн эки бийликтин тушундагыдай коррупция, теңсиздик, бийликтегилер менен алдым-жуттумдар карпайым элди талап-тоноону, алардын эсебинен байыганды токтотпосо, мындай талоончулук да токтобойт. Дагы бир себеби -  элди, жаштарды жумуш менен камсыз кылуу керек. Мындан тышкары жаштарды тарбиялоого да көңүл бурулушу зарыл. Алардын курсагы тоюп, үй-жай менен камсыз болуп, эртеңки келечегине ишенип, адилет бийлик орногондо гана талоончулукка барышпайт.

-       Токтогул байке, Сиз аскер адамысыз. Тилекке каршы бизде катардагы милиция кызматкеринен тартып, сот, прокурорго чейин коомчулуктун нааразычылыгы күч. Канткенде аларга карата элдин ишенимин жаратабыз?

-       Себеби алардын баардыгы пара алышат. Менин маалыматым боюнча, Кыргызстанда 90 пайыз милиция кызматкерлери пара алышат. Ал эми калган 10 пайызы катардагы кызматкер болгондуктан, алардын пара алууга мүмкүнчүлүгү жок.

Буларга элдин ишеничи кеткендигинин дагы бир себеби – алардын көпчүлүгү профессионал эмес. Кайсы бир кызматка пара берип же жердешчилик, тууганчылык колдоо менен отурушкан. Өзгөчө МАИ тармагында пара алуу аябай өнүккөн. Жолдун боюн караңыз, бактын көлөкөсүнө жашынып алып, ким жол коопсуздугун бузар экен дегенсип аңдып турушат. Алар  жол коопсуздугун көзөмөлдөөгө караганда кантип акча өндүрүүнү көбүрөөк ойлонуп тургандыгын баарыбыз эле билебиз.

Демек, катардагы милициядан тартып, укук коргоо системасындагы жогорку кызматтарга чейин конкурс жолу менен гана кабыл алуу керек. Ошондо цивилизациялуу мамлекеттердегидей  чыныгы профессионалдар келип, пара албайт жана коомдук тартип камсыз болот.

-       Тилекке каршы 7-апрелдеги кандуу окуяда милиция кызматкерлери да жабыр тартышпадыбы. Алардын укугун ким коргойт?

-       Ооба, 7-апрелдеги коогалаң учурунда Ак үй алдында карапайым жаш жигиттерден тышкары жүзгө жакын милиция кызматкерлери да денесинен ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Арасында майып болуп калгандары да бар. Андан бир күн мурда Таласта да тартип коргоочулар жабыркаган. Бул эски бийликтин милиция кызматкерлерин каалагандай өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына пайдалануусунун кесепети. Ансыз деле бизде милиция кызматкерлеринин айлыгы аз болуп, колунан келгендери жогоруда айтылгандай пара алуу менен үй-бүлөсүн багып  калган эле. Бул бүтүндөй коомубуздун деградация болгондугунун бир белгиси.

Көптөгөн мамлекеттерде аскерде кызмат кылбагандар чоң кызматта иштегенге, президент болууга акысы жок. Ал эми биздин армияда тескерисинче жалаң кедей, дыйкандардын балдары кызмат кылышат. Байлар болсо балдарын армиядан акча менен алып калат. Эски бийлик керек болсо бул көрүнүштү мыйзамдаштып да койгон болчу. Ушул жана башка көрүнүштөр айланып келип укук коргоо системасынын кадырын кетирди. Атын айтпай эле койоюн, бизде жада калса армияда кызмат кылбаган бирөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигин башкарды. Бул кызмат ордуна жараша ал генерал-майор наамын алды. Кокус согуштук абал жаралып калса, ал дивизияны башкарыш керек. Эми куралды кантип пайдаланганды билбеген адам бүтүндөй дивизияны башкаргандыгын элестетип көрүңүз.

Дагы бир көйгөйлүү жагдай, бизде көпчүлүк чет өлкөлөрдөн жогорку  билим алган жаштар өзүнө ылайыктуу жумуш таппагандыктан, Кыргызстанга келишпейт. Бирок ар бир адамдын мекенчилидик сезими болбосо өнүгө албайбыз. 2008-жылы Түштүк Осетияга барып, ал жерде аялдар, жаш балдар өз мекенин колуна курал алып коргогондугун көрүп таң калганмын. Мен да ар бир жараныбыздын мекенчил болушун каалар элем.

 

Маектешкен Эмилбек Момунов

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу