Интервью

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/06 16:31
 

Гүлниза Бейшенбаева: Авторитардык режимден баш тартып, жаңы саясый система курууга жол ачылды


БИШКЕК, 1-июнь. (КАБАР). Жакынкы убактытта Кыргызстанда жалпы элдик референдум өткөнү турат. Ага чейин ар бир жаран конституциялык реформанын маңызын аңдап түшүнүү жана өлкө келечегин аныктоо үчүн Негизги мыйзамдын долбоорунун тексти менен таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жарандардын, анын ичинде жаштардын Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан Негизги мыйзамдын долбооруна карата ой-пикирин билүү максатында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү, жаштар канатынын лидери Гулниза Бейшенбаевага бир катар суроолор менен кайрылдык. 
    КАБАР: Убактылуу Өкмөт сунуштап жаткан Негизги мыйзамдын долбооруна карата пикириңиз?   - Акыркы  жылдары Бакиевдин авторитардык режими Кыргызстанды туңгуюкка алып келип такады. Бардык жерде коррупция орун алып, бир үй-бүлө жалпы өлкөнү байлыгы менен кошо менчиктештирип алууга багытталган саясат жүргүзө баштаганда акыры бул саясатка каршылык 7-апрелдеги революцияга алып келди. Өлкөдө авторитардык режимден баш тартып, жаңы саясий система курууга жол ачылды. Демократия бар мамлекетте эл саясий чечимдерди кабыл алууга түз же шайлоо жолу менен катышып, мамлекеттик саясатка таасирин тийгизе алат.  Кыргызстанда жаңы демократиялык системаны  Баш мыйзамды өзгөртүү жолу менен кура алабыз. Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алуу – бүгүнкү күндүн талабы. Менимче, Конституциялык кеңешме ачык, айкын, кеңири  талкуу жүргүзүп,  кеңешмеге кирген саясий партиялардын, эксперттердин, окумуштуулардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн, жаштардын бардык сунуштарын эске алып, жалпыбыздын пикирибизди чагылдырган долбоорду иштеп чыгып, элдин назарына сунуштап турат.  Жаңы Конституциянын долбоору боюнча парламенттик башкаруу система каралган. Саясий партияларга чоң жоопкерчилик ыйгарылып жатат. Буга чейин саясий партиялардын өнүгүүсүнө шарт болгон эмес. Жоопкерчиликти сезген саясий партиялар программаларын кайрадан иштеп чыгып, шайлоочулардын элегинен өтүп, шайлоо өткөн сайын иргелип, атаандаштыкка туруштук берген бир канча саясий партиялар калат деп ойлойм.          Баш мыйзамдын долбоору шашылыш иштелип чыкты дегенге кошулбайм. Долбоор   2008-жылдын ноябрында Бириккен Элдик Кыймылга кирген бир катар саясий партиялар, коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тарабынан  жактырылган «Акыйкаттыкка карай жол» деп аталган Кыргызстандын жаңы саясий системасынын концепциясынын негизинде иштелип чыккан.  Азыркы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү оппозицияда болгон учурунда  Бакиевдин жүргүзгөн саясатына карата өз альтернативасын сунуштап келишкен. Жаңы баш мыйзамды кабыл алуу менен бирге Кыргызстанда коомдук-саясий абалды стабилдештирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт, стабилдүүлүк экономиканын өнүгүүсүнө өбөлгө болот.  Буга  чейин бийлик мыйзамдын чегинен чыгып, конституциялык эмес механизмдер менен башкарылып калган.  Бийлик бутактары мыйзамга эмес, бир үй-бүлөгө кызмат кылып келишкен, эл бийликтен сырт калып, элдик көзөмөл такыр жоголгон.  Бир үй-бүлө бийликти менчиктештирип, үй-бүлөлүк бизнес менен мамлекеттик бюджет ортосунда ажырым жоголуп, акыры бийлик көзөмөлсүз, коррупцияланган бийликке айланган. Ал эми жаңы сунушталып жаткан долбоордо кайрадан бир адамдын же бир үй-бүлөнүн чексиз, көзөмөлсүз бийлик орнотушуна жол берилбейт.  Себеби, бийлик бутактарынын ортосунда так ажырым болуп, иш алып барууда бири-бирин көзөмөлдөө жана тескөө системасы иштейт.  Бийликтин үч бутагы сот, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлиги бири-биринен эркин, ошол эле учурда бири-биринен көз каранды болушат, бийликтин кайсы бутагы болбосун баш мыйзам тарабынан ыйгарылган укуктарына башка бийлик бутагы үстөмдүк кыла албайт, укуктары менен катар жоопкерчиликтери да так ажыратылган.   Биз кечээки күнгө кайтып келгибиз келбесе,  сөзсүз түрдө Убактылуу Өкмөт сунуштап жаткан Баш мыйзамдын долбоорун  колдошубуз керек.     КАБАР:  Негизги мыйзамдын долбооруна ылайык, 21 жаштагы шайлоого укугу бар адам депутат болуп шайлана ала тургандыгы белгиленүүдө. Муну менен жаштардын мамлекеттик бийлик системасына аралашуусуна жол ачылды деп айтууга болобу?   - Долбоор талкууга алынып жатканда бул маселе курч көтөрүлүп жатты. Жаштар Жогорку Кеңешке, деги эле мамлекеттик кызматка жаштарды тартууда квота берүүнү талап кылуу менен бирге, талапкерлердин жаш курагын төмөндөтүүнү да талап кылып чыгышты. Мен жогоруда айткандай, иштелип чыккан Конституциянын долбоору коомдун бардык катмарларынын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул жерде мыйзам чыгаруу бутагына өкүл болуп келүү тууралуу сөз болуп жатат. Сунушталган долбоор кабыл алынса, жаштардын арасында келечекте өзүн саясий чөйрөдө көргөн, саясатка кызыккан жаштар мектепти бүтүрүп жаткан мезгилден тарта эле өзүн чоң саясатка аралашам деп камдап башташы керек. Жөн жерден партиянын тизмесине кошулуп, парламентке келүүнү максат кылбастан, саясий атаандаштык жолу менен жеңишке умтулушу керек, жаштар өздөрүн саясатка эрте камдап баштагандары оң болот. Бизде азыр бир катар саясий партиялар бар, түрдүү программаларды, идеяларды сунуштап жатышат. Жаштар көңүлүнө жаккан саясий партияга кирип иштесе болот, каалашса жаңы партия түзүшсүн, элге жаңы программасын сунушташсын, эл колдосо жаш курагы аларга тоскоол болбош керек. Иштейм десе, келсин иштесин, үйрөнсүн.  120 депутаттан турган парламент - бул лидерлердин мектеби десек да болот. Саясатчы катары элге таанылган эже, агаларыбыздын көбү ишмердүүлүгүн парламенттен башташкан. Себеби, парламент чоң мектеп, жаңы лидерлер, саясатчылар өсүп чыгат.  Жаштардын арасында өз алдына  ар кандай максат койгондору бар.  21 жаштагы бардык эле Кыргызстандын жараны парламентке барам деп умтулбаса керек. Эгер жаштардын арасында “парламентке барат элем”, “эл үчүн кызмат кылат элем” деген 21 жаштагы курч, тажрыйбалуу, жаңы идеясы бар, жигердүү, креативдүү жаштарыбыз болсо, аларга бул долбоор өз күчүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.     КАБАР: Кыргызстан парламенттик башкарууга карай багыт алууда. Башкаруу системасын өзгөртүүнүн зарылчылыгы бар беле?   - Албетте, зарылчылыгы бар жана бул мезгилдин талабы. Биз эскиче жашай албай калдык,  жашагыбыз да келбейт, биз жаңы системаны, жаңыча жашоону каалайбыз. Ошондуктан, 7-апрелдеги окуя болуп олтурат. Окко учкан жаш баатырларыбыздын алдында биз өзгөрүүгө жана жаңы системаны курууга милдеттүүбүз. Демократиялык өлкө куруу бул конституциялык реформа жасоо жолу менен ишке ашат. Эки президенттин башкаруу мезгилинде бир канча жолу Конституцияны өзгөртүүнүн натыйжасында  президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп, жоопкерчилиги, тескерисинче, азая берген. Бакиев Конституцияны өзгөртүү менен үй-бүлөлүк, кландык башкарууну мыйзамдаштырууга аракет кылган, бийликтин мыйзам жолу менен алмаштыруу мүмкүн болбой калган.  Жаңы сунушталып жаткан Конституция кайрадан авторитардык режимдин пайда болушуна жол бербейт, бийлик бутактары бири-бирин көзөмөлдөө менен катар жоопкерчиликтери күчөтүлгөн. Референдумга  бардык шайлоо укугу бар жарандар катышып алар өз тагдырын, өлкөнүн тагдырын тандоосу керек.  Буга чейинки болгон шайлоолордо катышуучулардын саны жок жерден көбөйтүлүп, жалган пайыздар көрсөтүлгөн, бирок бийлик элдин колдоосун жалган иллюзия менен эч качан алмыштырууга болбосун ойлогон эмес. Убактылуу өкмөт эгерде референдум таза өтсө шайлоочулардын саны төмөн болоорун айтып жатышат. Жумушсуздуктун айынан Кыргызстандыктардын 20 пайызы сыртта иштөөдө, башка бир тобу региондордон шаарга агылып келүүгө аргасыз. Референдум жарандар активдүү болуп, кайдыгер болбосо гана ишке ашат. Жаңы долбоорду кабыл албасак, биз ага альтернатива катары Бакиевдин авторитардык режимин тандап алган болобуз.     КАБАР: Сунушталып жаткан Негизги мыйзамдын долбоорунун жетишкен жагы жана кемчилиги деп кайсыларды белгилей аласыз?    - Сунушталып жаткан долбоор боюнча  көптөгөн жаңы өзгөчөлүктөр бар. Мисалы, парламентке көпчүлүк добуш алып келген саясий партияга 50 пайыз жана кошумча 5 мандаттын гана берилиши. Бул бир саясий партиянын монополиясынын орношуна жол бербейт. Буга чейин күбө болгондой “ак жолчулар” парламенттин көпчүлүгүн ээлеп, башка фракциялардын пикирин эске алышкан эмес, эл үчүн маанилүү болгон чечимдерди бир гана партия өздөрүнө ылайык кылып чечип келишкен. Жаңы долбоор боюнча парламенттик оппозицияга бюджет жана укук коргоо комитетинин төрагалыгы берилет. Бул бир партиянын же коалициянын  үстөмдүгүнө бөгөт коёт.  Президенттин ыйгарым укуктары чектелип, кол тийбестиги алынганы жана бир мөөнөткө шайланышы.   Буга чейин күбө болгондой президенттин ыйгарым укуктары көп болсо ал Конституцияны каалагандай бурмалап, керек болсо конституцияда көрсөтүлбөгөн жаңы структураларды түзүп, чексиз бийликти алып, эч бир жасаганына жооп берген эмес. Өткөн системаларда президент кол тийгис фигура болгон. Ал бардык бийлик бутактарынын иштерине кийлигишип, бардыгын башкарып бирок бир дагы жоопкерчилиги болгон эмес. Кадр саясатына, парламенттин ишмердүүлүгүнө, мамлекеттин байлыктарын сатууга чейин кийлигишип келген.  Жаңы системада андай мүмкүнчүлүктөр болбойт. Президент эч бир партиядан көз каранды болбош үчүн жалпы эл тарабынан шайланат. Өткөн эки президенттин үй-бүлөсү мамлекет тарабынан багылса, жаңы шайланчу президенттин андай мүмкүнчүлүктөрү болбойт. Президенттин кол тийбестиги алынган, эгер мыйзам бузса катардагы жарандардай эле жоопко тартылат.  Мындан  тышкары дагы көп жетишкендиктери бар. Мисалы, сот системасы эркин болбой, бир адамдын же бир үй-бүлөнүн  берген көрсөтмөсүнөн чыга албастан, мыйзамга дал келбеген чечимдерди чыгарып келишкен. Кыргызстанда качан көз карандысыз сот системасы пайда болот деп биздин жарандар көп жылдардан бери күтүп келишкен.  Элдин ишенимин актаган соттор болуш үчүн аларды тандоо жана шайлоонун жаңы тартиби сунушталып жатат. Сот бийлиги өз алдынча болуп, мыйзам чегинде өкүмдөрдү  чыгарып, жарандардын укугу тебеленбегенге шарт бар. Эң негизги айта кетчү нерсе, жаңы саясий системада коомдук пикир чоң ролду ээлейт. Кайсы саясий партия, же мамлекеттик кызматкер болобу жалпыга маалымдоо каражаттары алардын ишмердүүлүгүн ачык, айкын чагылдырып турушат. Бул саясий күчтөрдүн жоопкерчилигин арттырат. Элдин ишенимин  жоготпоо үчүн бардыгы жан үрөп күрөшүп калышат.          Конституциянын жаңы долбоору мамлекет тарабынан жеке менчикке кепилдик берет. Менчик кол тийбес болуп саналат, аны эч ким тартып алууга акысы жок, бул экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт, ишкерлердин эркиндигин жана бизнести рейдерчиликтен сактоонун кепилдиги боло алат. Кыргызстандын  жери, кен байлыктары, суусу, токою, жаратылыш ресурстарын сатууга тыю салынган. Буга  чейин Бириккен Элдик кыймыл өз ишин элдик курултайларды өткөрүү формасы менен  жүзөгө ашырып келген. Элдик Курултай Конституцияга киргизилип, жарандар  мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелерди талкуулоо үчүн курултайларды өткөрүп Өкмөткө өз сунуштарын берүүгө укуктары болот. Жаңы конституциянын долбоору боюнча өкмөттүн анык ыйгарым укуктары болот. Кадр саясаты үчүн, социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жооп берет. Кылган иштердин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке отчет берип турат, эгер Жогорку Кеңеш өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табышса, анда премьер-министр отставкага кетет. Буга чейин президент райондордун  акимдерин шайлоого чейин кийлигишип келген, мунун негизинде бардык  жерлерге президенттин жактоочулары шайланып келген, эми бул система тарыхта  калат. Жаңы конституция боюнча бийлик президенттен өкмөт менен паралментке эмес, элге жана эл тарабынан шайланган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына берилет. Райондук кеңештер тарабынан акимдер шайланат, жергиликтүү эл райондук айылдык кеңештер менен көйгөйлөрдү жеринен чечип, жергиликтүү бюджеттерди өз алдынча тактай алышат, бул элдик көзөмөлдүн дагы бир түрү болуп эсептелинет. Жергиликтүү эл татыктуу адамдарды тандап, аларга шаардын жана айылдын жашоосун ишенип бере алышат. Сунушталып жаткан саясийсистемада жарандар өз кызыкчылыктарын коргой алышат. Саясий топтордун кандай гана атаандаштыгы болбосун парламенттик башкаруу системасы бийликти тынч жолу менен өткөрүп берүүнү камсыз кылат. Кыскасы, Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан Негизги мыйзамдын долбоорунда кемчиликке караганда, олуттуу оң өзгөрүүлөр көп деп айта алам. (даярдаган Мээрим Ибраева)     asdfasdfasdf

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу