20.01.2017, 14:56

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Бүгүн 20-январда саат 13:03тө КР УИАнын Сейсмология институтунун Сейсмология станциясы очогунда 2,5 балл болгон жер титирөөнү каттады. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Кичи-Алай тоо кыркаларында Лангар айылынан түндүк-батышка карай 5 км, Эгин-Жай айылынан түштүк-чыгышка карай 7 км, Караганда айылынан түштүккө карай 18 км, Карамык айылынан түндүк-чыгышка карай 45 км аралыкта жайгашкан.

Республиканын калктуу пунктарында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Ош облусунун Лангар айылында 2,5 баллды түзгөн.