20.01.2017, 12:38

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен балыкчылардын биринин сөөгү табылды

Бишкек, 20-январь /Кабар/. ӨКМнин куткаруучулары 16-январда Жети-Өгүз районунда Ысык-Көл көлүнө чөгүп кеткен 2 балыкчыны издөөнү улантышты. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунда ӨКМнин куткаруучулары 19-январда саат 16:20 да жоголуп кеткен 2 балыкчынын биринин сөөгүн табышкан.

“20 жаштагы Ж.уулу Э.нин сөөгүн суучулдар көлдүн түбүнөн табышып, туугандарына өткөрүп беришти. 2-балыкчыны издөө уланууда”,-деп билдирди ведомсводон.

Эскерте кетсек, 16-январда Жети-Өгүз районунда кечке жуук Жеңиш айылында 2 балыкчы мыйзамсыз балык уулап жүрүшкөн учурда алардын кайыгы оодарылып, ал толкун менен жээкке чыгып калган.