Кырсык

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
17/01 10:43
 

Акыркы маалыматтар боюнча, Боинг 747 учагынын кыйроосунун натыйжасында 37 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 3 мүчөсү бар – К.Боронов

Акыркы маалыматтар боюнча, Боинг 747 учагынын кыйроосунун натыйжасында 37 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 3 мүчөсү бар – К.Боронов

Бишкек, 17-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Боинг 747-400 жүк ташуучу учагынын кыйроосунун жыйынтыгында акыркы маалыматтар боюнча, 37 адам каза болду, анын ичинде экипаждын 3 мүчөсү бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Ал сөөктөрдү таануудан кийин экипаждын 3 мүчөсүнүн денеси гана табылганын белгиледи.

“Бортто экипаждын төртүнчү мүчөсү болгон же болбогонун аныктайбыз, эгер болсо издөө иштерин улантабыз. Мындан тышкары, калган 34 сөөк Кыргызстандын жарандарыныкы. Мурда табылган сөөктөрдүн бөлүгү 5 жаранга таандык болуп чыкты. Бир сөөк таанылбай жатат, туугандары өлүкканага келишкен жок. Өлүкканада 6 сөөк калды, үчөө биздин жарандар, дагы үчөө – экипаждын мүчөлөрү”,-деди К.Боронов.

Ошондой эле, ӨКМ башчысы бүгүн куткаруу-изилдөө иштери улана турганын белгиледи.

“Түрк компаниясынын 2 тобу иликтөө жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келишти. Эл аралык авиациялык комитеттин адистери бүгүн кечинде келишет”,-деп кошумчалады министр.

Ал арада түрк компаниясы самолеттун бортунда 4 адам болгонун билдирди. Боинг 747-400 учагында төмөнкүлөр болгон: командир-пилот Ибрахим Гюрджан Диранжы, экинчи пилот Казым Ондюл, жүк боюнча адис Мелих Аслан жана учуу боюнча техник Ихсан Коджа.

Эскерте кетсек, кечээ, 16-январда бишкек убактысы боюнча 7:17 де Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы Дача-Суу айылына кулаган. Учак Гонконг-Бишкек-Стамбул маршруту боюнча багыт алган. “Манас” аэропортуна учак май коюу үчүн токтомок.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу