16.01.2017, 12:26

“Боинг – 747” учагы кыйраган жерден каза болгондордун сөөгү чыгарыла баштады

Бишкек, 16-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. “Боинг – 747” жүк ташуучу учагы кыйраган жерден каза болгондордун сөөгү чыгарыла баштады. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Кабар” агенттигинин кабарчысы маалымдады.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:10 до Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-Суу айылында турак үйлөрдүн үстүнө түрк авиалиниясынын “Боинг 747-400” жүк ташуучу унаасы кулап түшкөн. Аба кырсыгынын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча, 35 адам каза болду, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардан чоңдор, балдар жана экипаждын мүчөлөрү бар.