Кырсык

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/01 11:35
 

Өзгөчө кырдаал болгон жерге чатырлар тигилди

Бишкек,16-январь /Кабар/. Бүгүн саат 09:36да өзгөчө кырдаал болгон жерге жабыркагандарды убактылуу жайгаштырууга Бишкек куткаруу кызматынан 3 чатыр (10 орун-1 даана, 30 орун-1 даана) тигилди, ошондой эле кошумча Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 30 куткаруучу, 2 чатыр жөнөтүлгөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

КР ӨКМ Өрткө каршы кызматынын №23, №7, №4, №8 жалпысы 4 бөлүм, 1 штаб, аэропорт Манастан өрт өчүрүүчү 4 эсеп, Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 эсеп, КР ӨКМнин КДМБнун 25 куткаруучу, 6 бригада тез жардам, КР ИИМдин Аламедин, Сокулук районунан жерин курчоого алууга милиционерлер тартылып иш алып барууда.

Саат 09:36 чамасында Бишкек куткаруу кызматынан 3 чатыр (10 орун-1 даана, 30 орун-1 даана) жана КДМБдан 30 куткаруучу, 2 чатыр (Памир 10) жөнөтүлгөн. Өзгөчө кырдаал болгон жерге саат 10:00гө 100 куткаруучу иш алып барууда. Аэропорттун кызматкерлеринен 100 киши тартылган. ӨК чара көрү боюнча Түндүк борборунан 1 жүктөгүч, 2 оор жүк ташуучу унаа чыгып кетишти. 15 өрт өчурүүчу эсеби тартылды. Транспорт министирлигинен 1 жүктөгүч 2 оор жүк ташуучу авто унаа тартылды.

КР ӨКМнин ӨК чара көрүү боюнча борборунан 1 жүктөгүч, 2 оор жүк ташуучу авто унаа тартылды.
Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу