Түрк учагынын кыйрашынын натыйжасында болжол менен 10 адам каза болду, арасында балдар да бар – Кубатбек Боронов
Бишкек, 16-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Түрк учагынын кыйрашынын кесепетинен болжол менен 10 адам каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновбилдирди.
Ал окуя Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагында болгонун белгиледи.
“Кырсыктын кесепетинен дача айылындагы 3 үй жабыркап, болжол менен 10го жакын адам каза болду, алардын арасында балдар дагы бар”,-деди ал.