Кырсык

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/01 09:49
 

Түрк самолету кыйраган жерге КР вице-премьер-министри менен КР ӨКМнын башчысы келди

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Эртең менен болжолу саат 07:30да “Манас” аэропортуна конордо тумандан улам “Боинг-747” түрк авиалайнери кыйрады. Көргөндөрдүн “Кабар” агенттигине кабарлаганына караганда самолет дача участогуна кулаган. Окуя болгон жерден өрт чыкканы көрүнүп турат.

Такталбаган маалыматтарга караганда, самолет жерге тийгенде 1 бала көз жумуп, 8 адам жаракат алган. Самолеттун 3 экипаж мүчөсү каза тапкан. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар келишкен. КР ӨКМнын маалыматына караганда окуя болгон жерге вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жана ӨКМнын башчысы Кубатбек Боронов келген.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроонун себеби 14-январдан баштап аэропортту чулган турган коюу туман болушу мүмкүн.

Кыйроодон улам “Манас” аэропортунда убактылуу самолеттордун учуусу токтотулду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу