16.01.2017, 08:57

ӨКМ: Учак кулаган жерде куткаруучулар иш алып барышууда

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Алдын ала мааламат боюнча, бүгүн, 16-январда кулаган учак Турция мамлекетине караштуу Боинг-744 үлгусүндүгү жүк ташуучу учак №6491 рейс менен Гонконгтон учуп келе жаткан. Жабыркагандар жөнүндө маалымат такталууда. №23, №7, №4, №8 жалпысы 4 өрт өчүүрүү эсеби жана Бишкек шаардык куткаруу кызматы жеринде жумуш алып барып жатат. Кошумча маалымат берилет. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.