16.01.2017, 08:14

"Манас" аэропортуна жакын жерде учак кулады

"Манас" аэропортуна жакын жерде учак кулады

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бүгүн эртең менен Чүй облусунда "Манас" аэропортуна жакын жерде ТК 6491 каттамындагы жүк ташуучу учак кулады. Аталган маалыматты "Манас" аэропорту АККтын басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады. 

Маалыматка караганда, аталган учак саат 7:20 да аэропортко конуш керек эле. Учурда кыйраган учак өрттөнүп жатат. Кошумча маалымат берилет.