Кырсык

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/01 09:24
 

Сузактагы жер көчкү дагы 5-6 метр жылып, кошумча бир үйгө коркунуч пайда кылды

 Сузактагы жер көчкү дагы 5-6 метр жылып, кошумча бир үйгө коркунуч пайда кылды

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Сузак районунда 2017-жылдын 3-январында Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылынынтүштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга коркунуч жараткан. Жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү 40млн. м3 түзөт, жер көчкү 1 турак-жайга 15 метр жана 15 турак-жайга 350 метр калган. Ал эми 2017-жылдын 10-январында жер көчкү 5-6 метр аралыкка жылып, дагы 1 кошумча үйгө коркунуч пайда болгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 12-январына карата жер көчкү басып калуу коркунучунда турган 17 үй-бүлөөдөн 7 үй-бүлөө коопсуз жерге көчүрүлүп, калган 10 үйдүн жашоочулары түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат. Айыл аймагы тарабынан тургундарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Көчкү коркунучу бар аймак көзөмөлгө алынган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу