Кырсык

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/01 09:49
 

Бишкек-Ош жолунда оор жук ташуучу унаа менен кагылышкан женил унаада эки адам каза болду

Бишкек-Ош жолунда оор жук ташуучу унаа менен кагылышкан женил унаада  эки адам каза болду

Бишкек, 11-январь /Кабар/. Жайыл районунда 2017-жылдын 10-январында саат 18:30-19:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында жол кырсыгы катталып, “MAN” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В 4230 АХ оор жүк ташуучу унаа менен “Хонда СРВ” үлгүсүндөгү мамлекеттик № B 2400 AAS жеңил унаа кагылышкан. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Кагылышуунун натыйжасында, жеңил унаада болгон 2 адам жеринде каза болуп, 3 адам жаракат алган.

Жол кырсыгы катталган жерге куткаруучулар барышып, жеңил унаадан каза болгон адамдарды чыгарышып, райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Оор жаракат алган 1 адам медициналык тез жардам кызматы тарабынан Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми жаракат алган 2 адамды куткаруучулар барганга чейин жолдо өтүп бараткан менчик унаа менен Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирилген.

1 из 9

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу