10.01.2017, 16:00

Сүлүктүдө бир адамды көмүр урандылары басып калды

Сүлүктүдө бир адамды көмүр урандылары басып калды

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында алдын ала алынган маалымат боюнча, 2017-жылдын 10-январында саат14:10дө ОсОО "Раимберди" шахтысында көмүр урандылары көчүп, натыйжада 1 көмүр казып жаткан адамды басып калган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары чыгып кетишкен.

Кошумча маалымат берилет.