09.01.2017, 11:19

Ысык-Көлдө жер титиреди

Ысык-Көлдө жер титиреди

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жер титирөө катталды, деп билдирди КР ӨКМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда? бүгүн, 9-январда саат 09:03дө КР УИАнын Сейсмология институтунун Сейсмология станциясы очогунда 2-2,5 балл күчүндөгү жер силкинүүнү каттаган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Оттук айылынан түштүк тарапка карай 10 км, Шор-Булак айылынан түштүк-батышка карай 18 км, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышка карай 30 км аралыкта жайгашкан.

Республиканын калктуe пунктарынан Оттук айылында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен. Өлүм-житим, кыйроолор жок.