04.01.2017, 15:01

Алайда жер көчкү коркунучунан улам 3 үйдүн жашоочулары көчүрүлдү

 Алайда жер көчкү коркунучунан улам 3 үйдүн жашоочулары көчүрүлдү

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Ош облусунун Алай районунда жер көчкү жүрүү коркунучунан улам 3 үйдүн жашоочулары көчүрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-январда саат 12:30 да Алай районунун Чакмак айылында жер массасынын жылуусу катталган. 3 үй кыйроо коркунучта калган.

“2 үйдөгү 25 адам көчүрүлдү, алар азыр коопсуз жайда, ал эми үчүнчү үй коркунучта”,-деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, басма сөз кызматы азыркы учурда ӨКМнин жарандык коргоо комиссиясы тарабынан жеринде тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.