29.12.2016, 12:02

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолуна көчкү түшүп, каттамдар токтотулду

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. 2016-жылдын 29-декбарь күнү Ош облусунун Алай районуна караштуу Ош - Сарыташ-Эркештам унаа жолунун 169-чакырымында (Талдык ашуусу) саат 10:05 чамасында болжол менен 1920м³ кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жолду тазалоого №960 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет.