29.12.2016, 11:08

Нарын облусунда чабан кар көчкүнүн алдында калды

Нарын облусунда чабан кар көчкүнүн алдында калды

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Нарын облусунда чабан кар көчкүнүн алдында калды, деп билдирди КР ӨКМнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, Жумгал районунун Кызыл-Жалдыз айыл аймагынын Кара-Дөбө кыштоосунда 28-декабрда болжол менен саат15:00дө кар көчкү түшүп, чабанды басып калган.

“Жергиликтүү тургундар караңгы киргенге чейин чабанды издешип таппай коюшкан. Алар ӨКМга 28-декабрда кечинде кайрылышкан. Жумгал районунун куткаруучулары издөө-куткаруу иштерин башташты. Көчкүнүн алдында калган адам жана көчкүнүн көлөмү такталууда”, –деп айтылат билдирүүдө.