Кырсык

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
26/12 10:40
 

Бишкектеги мурдагы маданият үйүнүн 2-кабаты өрттөндү

Бишкектеги мурдагы маданият үйүнүн 2-кабаты өрттөндү

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунда 2016-жылдын 25-декабрында саат 14:19 чамасында Чүй проспектиси №158 дарегинде 3 кабаттуу мурдагы “Айпери” маданият үйүнүн 2-кабатында жайгашкан “Center bar” кафесинде өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ал жерде коюу түтүн каптап калган жана имараттын чатырында жайгашкан желдетүүчү шахтасынын ичинде жыйылган болжол менен 1 тоннага жакын (толь) рубероид күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмдөрү, 4 автоцистерна, 1 АШ-5 унаасы, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары, КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынан 4 адамдан турган ыкчам топ, Коомдук тартипти сактоо кызматынан 15 милиция кызматкери, 2 патрулдук унаа тартылган.

Өрт саат 15:54дө чектөөгө алынып, саат 21:14дө толук өчүрүлгөн. Өрттөн кафедеги телевизорлор, муздаткычтар, компьютерлер, жылыткычтар, асма шамдар, караоке аппараты, столдор, стулдар, шкафтар, дивандар, терезелер күйүп, эсеп кысап бөлмөсү менен суусундуктар сакталуучу кампасын бөлүп турган жыгач дубалы (перегародка), гипсокартондон капталган шыбы күйгөн.

Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымы такталууда.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу