Кырсык

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/12 10:47
 

КР ӨКМ Коткор айлында үйдөгү мештен чыккан истен улам ууланып өлгөн 3 адамды тактады

КР ӨКМ Коткор айлында үйдөгү мештен чыккан истен улам ууланып өлгөн 3 адамды тактады

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. КР ӨКМ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Коткор айылында үйдөгү мештен чыккан истен улам ууланып калгандарды тактады, алар - апасы, уулу жана 3 жаштагы кызы болгон.

Маалыматка караганда, истен уулангандар үй-бүлөдөгү 3 адам – 1979-жылкы апасы М.Б., 2002-жылкы уулу Б. жана 2013-жылкы кызы А.М.А. экендиги такталды. Ал эми бул үй бүлөнүн кожоюну Россияда жүргөн.

“Өрт болгон эмес. Андыктан өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар барган жок”,-дейт ӨКМдан.

Эскерте кетсек, 21-декабрдан 22-декабрга караган түнү Коткор айлында 3 адам үйдөгү мештен чыккан истен улам ууланап, каза болушкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу