Кырсык

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/11 12:59
 

Кыргызстанда жыл башынан бери 3 миң ден ашык өрт чыгып, андан 53 адам каза тапкан - ӨКМ

Кыргызстанда жыл башынан бери 3 миң ден ашык өрт чыгып, андан 53 адам каза тапкан - ӨКМ

Бишкек, 30- ноябрь /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 3 миң 58 өрт чыгып, андан 53 адам каза тапкан.

ӨКМдин маалыматына караганда, өткөн жылга салыштырмалуу өрт 11,9% азайган. Өрттөн каза тапкан 53 адамдын ичинен 1 бала көз жумган. Ал эми өрттөн 64 адам жабыркаган. 424 млн сом материалдык чыгым болгон. Өрттөн 107 адам жана 2 млрд сомдук товардык-материалдык баалуулук сакталып калган.

Өрттүн чыгуу себептери - 39,5% өрткө этият мамиле жасабоо, 28% электр жабдыктарын колдонуу эрежелерин бузуу, 11,45% балдардын бейбаштыгы. Өрттүн 54,4% турак-жайлардан чыккан.

(Сүрөт интернеттен алынды)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу