Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/12 17:44
 

Элдик обон эскирбейт: Раймалы менен Бегимайдын ыры

Элдик обон эскирбейт: Раймалы менен Бегимайдын ыры

Бишкек, 10-декабрь /Темирбек Алымбеков–Кабар. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы айтылуу Раймалыны ким билбейт. Ал турмуштагы эле реалдуу адам болгону да жакшы маалым. Кесиби ветврач, өзү комузчу, ырчы, кези келгенде төгүп да жиберген өнөрлүү адам болуптур Раймалы. Анын неберелери Каныкей, Гүлнара Раймалиевалар атанын изи менен келаткан ырчылар катары журтубузга кеңири таанымал.

Режиссер Д.Садырбаевдин ушул роман боюнча тарткан “Махабат дастаны” кинофильми 80-жылдардын башында чоң маданий окуя катары кабыл алынган. Раймалынын ролун айтылуу Тууганбай Абдиев жаратса, Асел Эшимбекова Бегимайдын ролун аткарган.

Көп өтпөй эле ошол кинодогу “Раймалы менен Бегимайдын ыры” куштай сабалап учуп чыгып, эл аралап кеткен эле. Андан бери далай мезгил өтсө дагы кыргыз журтчулугу сүйүп ырдаган чыгарма катары ырдалып келет. Ал эми ырдын сөзүн Д.Садырбаев менен А.Чойбекова, обонун Сардарбек Жумалиев жазган.

Учурда бул ырды Раймалынын небереси Каныкей Раймалиева таланттуу ырчы Улан Качкыналиев экөө ырдайт.  

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу