Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/11 15:27
 

Элдик обон эскирбейт: Элмирбек Иманалиев “Акинге”

Элдик обон эскирбейт: Элмирбек Иманалиев “Акинге”

Бишкек, 17-ноябрь /Темирбек Алымбеков-Кабар/. ”Эл”,- деген элек!.. Жеңил-желпини кабыл албайт, кунарсызды жуутпайт. Кылымдардан ушундай. Андыктан элдик аталгандардын маданиятта болобу, тарыхта болобу салмагы тоодой, маани-маңызы төө көтөргүс. Ошол эле элдик обондорго келсек уксаң кулагыңдын курчун кандырып, кыялыңды кыр ашырып, оюңду оболотуп, эми эле түнөрүп турган жан дүйнөңдү жаркытып жибермейи бар. Ал ошол үчүн “Элдик обондор” аталат. Бул ырлардын сөзүнөн же ага айкалышкан обонунан кынтык таппайсың. Обонубу, башкасыбы укумдай эле кемчилиги болсо элге анчалык сиңе албайт. Көркөм дөөлөткө, маданий кенчке айланып, улуттун уугуна коно албайт.

Баарынан кызыгы эргиткен “Элдик обондордун” дээрлик баарынын жаралыш тарыхы, тагдыр-жазмышы бар. Анын артында акындын же обончунун тагдыры, сүйүүсү, бактылуу учурлары же ошо сүйүүсүнө жетпей калган өксүгү жатат.

“Кабар” агенттиги мындан ары “Элдик обон эскирбейт” аталган рубриканын алдында элге кеңири таанымал, тарбиялык маани-маңызы бар, көңүл көкөлөткөн ырларды сайтыбызга чыгарып турмакчыбыз. Максатыбыз угарман-окурмандарыбыздын көркөм табитин тарбиялоо, сөз кадырын, обон кудуретин аңдай билүүгө тартуу экенин айта кетели.

Алгачкысын, азыр Элмирбек Иманалиевдин аткаруусунда элге алынып кеткен “Акинге” аттуу ыр менен баштайлы деп турабыз. Бул обонду башында залкар талант, раматылык Асанкалый Керимбаев ырдап чыккан. Азыр бул ырдын элге белгилүү эки тексти бар. Биринчисин, акын Абды Сатаров жазган. Элмирбектин айтымында Асанкалый агабыз Кетмен-Төбөлүк Текебай Мураталиевдин “Акинге” деген ырынын обонун эң биринчи төкмө акын Тууганбай Абдиевден угуптур. Анан, сөзүн таппай калып, А.Сатаровго башка сөз жаздырып ырдап чыгып, эл-журтка кеңири тарап кетет.

Бул ырдын төркүн-төсүнө кызыгып калган Элмирбек кийин ошол эле Кетмен-Төбөлүк элдик таланттардын бири Керезбек Сакеевге кезигип, ушул ыр тууралуу сураганда, ал сөзү-обону менен келиштире ырдап бериптир.

Ошону менен айтылуу “Акинге” деген обонго экинчи өмүр тартуулаган төкмө акын, обончу-ырчы, манасчы, заманыбыздын залкар таланты Элмирбек Иманалиев болду.

Ал эми бул обондун автору Текебай Мураталиев улуу Токтогулдун соңку шакирти, чыгаан өнөрпоз болгон экен. Сөзү-обону айкалышкан бул чыгарманын өзүнөн эле Текебай Мураталиевдин тегин талант болбогондугун, көркөм дүйнөсүнүн байлыгын,көрөңгөсүнүн тереңдигин байкоого болот. Андай талант изсиз, дарексиз калууга мүмкүн эмес эле...Калды...Ар ким укса тамшанган ушул “Акинге” деген ыры калды. Аны Элмирбектин аткаруусунда тыңшап көрөлү....

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу