Экономика

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
19/01 11:21
 

ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоо көлөмү 2016-жылы үч эседен ашуун жогорулады

ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоо көлөмү 2016-жылы үч эседен ашуун жогорулады

Бишкек, 19-январь /Кабар/. 2016-жылы Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө сүт продукциясын экспорттоо 22 миң тонн көлөмүндө болду, бул 2015-жылдын көрсөткүчүнөн үч эсеге көп (5900 тонна). Бул туурасында 18-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астындагы өлкөнүн биримдиктеги пландары жана келечектеги милдеттерин талкуулаган кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдиргенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Ал белгилегендей, бул 19 атамекендик мал чарба продукциясын өндүргөн ишкананын ЕАЭБ Бирдиктүү тизимине киргизилгендигине байланыштуу орун алган, анын 8и сүт продукциясын өндүрүү боюнча ишканалар болуп саналат.

Калысбек Жумакановдун айтымында, аталган реестрге киргизүүнүн натыйжасында атамекендик ишканалар тараптан өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагында өндүрүп, чыгарууга мүмкүндүк берилди.

Ал кошумчалагандай, чет өлкөдөн сүт продукциясын импортоонун кыскарышы байкалууда. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бул Кыргызстандын интеграциялык биримдиктеги катышуусунун оңдуу жыйынтыгы болуп саналат жана өндүрүлгөн продукция көлөмүн жана экспортту жогорулатуу максатында айыл чарба ишканалары үчүн жагымдуу шарттрады түзүү боюнча ишти улантууну тапшырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу