18.01.2017, 17:52

2016-жылы Кыргызстан 58 инвестициялык виза берген – ТИМ

Бишкек, 18-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. 2016-жылы Кыргызстан 58 инвестициялык виза берген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн биринчи катчысы Бакыт Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, 58 дин 10у 2015-жылдан которулган, ага ылайык реалдуу цифра 48 визаны түзөт.
2016-жылы инвестициялык виза алуу үчүн минималдуу төлөм 500 миң долларды түздү. Болжол менен 1-мартта күчүнө кире турган паспортторду түзүү жана берүүнүн жаңы системасына ылайык, сумма 10 млн сомго – 150 миң долларга чейин арзандатылды.

“Азыркы мыйзам боюнча инвестициялык виза өндүрүш тармагына гана берилип келген. Жаңы мыйзамга ылайык соодадан башка бардык тармактар киргизилди”,-деди ал.