Экономика

Октябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/01 12:08
 

Алмазбек Атамбаев: “Ишкерлерге жана фермерлерге берилип жаткан насыянын үстөгүн азайтуу иштери уланышы керек”

 Алмазбек Атамбаев: “Ишкерлерге жана фермерлерге берилип жаткан насыянын үстөгүн азайтуу иштери уланышы керек”

Бишкек, 17-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-январда өлкө Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысы макроэкономикалык көрсөткүчтөр, валюта рыногундагы жана валюта секторундагы кырдаал, ошондой эле инфляция деңгээлин төмөндөтүү жана улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды. Ошондой эле өлкөдө накталай эмес төлөөлөрдүн жана эсептешүүнүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программаны аткаруунун алдын-ала жыйынтыктары жана болочокко пландар да талкуланды.

Мамлекет башчысы Улуттук банк Кыргыз Өкмөтү жана коммерциялык банктар менен бирдикте өлкө ишмерлерине жана фермерлерге берилип жаткан насыялардын үстөгүн азайтуу боюнча ишти улантышы керек экенин белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу