13.01.2017, 11:46

Өткөн жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 млрд АКШ долларына жакынды түздү

Өткөн жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 млрд АКШ долларына жакынды түздү

Бишкек, 13 -январь /Кабар/. 2016-жылдын январ-декабрь айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 млрд АКШ долларына жакын сумманы түздү, деп билдирди КР Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Акылбек Султанов бүгүнкү маалымат жыйынында.

Анын айтымында, республиканын тышкы соода ишмердигинде негизги көрсөткүчтөр бираз төмөндөдү.

“Алдын-ала маалыматтарга караганда, 2016-жылдын январь-декабрь айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 млрд АКШ долларына жакын сумманы түздү. Башкача айтканда, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 0,5%га кыскарды. Мында экспорт 1,5%га, импорт 0,1%га кыскарды”,- деп билдирди А.Султанов.