Экономика

Октябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
12/01 17:26
 

Кыргызстан үчүн Кытай интернети сапаты жана баасы боюнча казакстандыкынан айырмаланбайт – Марат Исмаилов

Кыргызстан үчүн Кытай интернети сапаты жана баасы боюнча казакстандыкынан айырмаланбайт – Марат Исмаилов

Бишкек, 12-январь /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кыргызстан интернетти кытай провайдерлеринен сатып алмакчы, ал сапаты жана баасы боюнча Казакстандан алынган интернеттен айырмаланбайт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине “Кыргызтелеком” ААКтын техникалык директору Марат Исмаилов билдирди.
Эскерте кетсек, өткөн жылы августта Кыргызстандын интернет провайдерлеринин дарегине казакстандык өнөктөштөрдүн интернет кызматынын тарифи дээрлик 3 эсе кымбаттайт деген эскертүүсү келген. Кыргызстандагы бардык интернет Казакстан аркылуу келет, башка альтернатива жок болгондуктан өлкөдө кырдаал курчуган.

М.Исмаиловдун айтымында, Кыргызстан интернетти Кытай Элдик Республикасынан сатып алууга ниеттенүүдө. “Азыркы учурда келишим түзүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүүдө. Келишимге кол коюлса эле биз кытай коңшубуздан интернет ала баштайбыз. Январдын ортосуна чейин жооп алып калабыз деп ойлоп турабыз. Биз бардык сунуштарды бердик, алар карап чыгууга убакыт сурашты. Бул келишимге макулдашуу боюнча стандартык иш учуру”,-деди ал.

Ал белгилегендей, Кытайдан алына турган интернеттын баасы казакстандан алынган интернеттен кымбат болбойт.

“Кыргызстанда контент жеткирүү боюнча көйгөй жаралбайт. Белгилүү болгондой Кытайда бир катар сервистер жеткиликсиз, атап айтканда алар Facebook, YouTube и Google. Биз үчүн мындай чектөө болбойт. Ноябрдын ортосунан 22-декабрга чейин өз ара келишимдин негизинде алардын интернетин тестирлөөдөн өткөрдүк. Кытай кесиптештер бизге 1 гигабит/секунд интернет беришти, биз аны текшерип көрдүк. Текшерүүнүн жыйынтыгында сапаты канааттандырарлык экенине жана түз таза интернет келип жатканына инандык. Интернеттин айырмасы – 30 милисекунд кечигүү. Интернет колдонуучулар бул айырманы анча деле сезишпейт. Учурда кандайдыр бир чакырууда 30-40 милисекунд кечигүү болсо, ал эми кытай каналы аркылуу ага кошумча дагы 30 милисекунд болот. Кадимки интернет колдонуучу муну таптакыр байкабайт”,-деди техдиректор.

Анын айтымында, Кыргызстан казакстандык провайдерлердин дагы кызматынан баш тартпайт. “Бизде 2 канал болот. 2016-жылы август айындагы казак тараптын интернетти кымбаттатып жибергендегидей учур болсо, экинчи каналга туташып алабыз. Анда казак тарап бизде альтернатива жок экенин билчү, ошон үчүн алар бизге ушундай мамиле кылышты. Биздин интернетти кытай каналдары аркылуу алуу ниетибиз тууралуу билишкенден кийин дароо ойлорунан кайтышты. Алар кардарларын жоготуп алуулары мүмкүн экенин түшүнүп жатышат”,-деген ою менен бөлүштү М.Исмаилов.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу