12.01.2017, 11:22

Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы: ЕАЭБге кирүү менен мамлекет ишкерлердин иши үчүн бардыгын жасады

Бишкек, 12-январь /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен кыргыз бизнесинин чоң рынокко чыгуусу үчүн бардык шарттарды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтымында, Өкмөт жана мамлекет кыргыз бизнесинин ЕАЭБ рынокторуна жеткиликтүүлүгү үчүн бардыгын жасады. “Эми биздин ишкерлер биримдиктин 180 млн калкы бар рыногуна өзүнүн продукциясын чыгара алат. Калганы ар бир ишкердин жана компаниянын колунда. Өлкө ЕАЭБге кирди, бирок натыйжа жок деп айтуу таптакыр туура эмес”,-деди ассоциация башчысы.