Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/01 17:24
 

РКӨФ менен КР Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасын өнүктүрү боюнча бирдиктүү план иштеп чыгышат

РКӨФ менен КР Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасын өнүктүрү боюнча бирдиктүү план иштеп чыгышат

Бишкек, 11-январь /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) менен КР Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасын өнүктүрү боюнча бирдиктүү иш-аракет планын иштеп чыгышат, деп билдирди Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынан.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен КР Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн жолугушуусунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз болгон мындан аркы эки тараптуу кызматташтык жана маалымат алмашуу пландары талкууланды.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү Фонддун Стратегиялык концепциясын сунуштады. Экономика министрлиги өз кезегинде КРнын Инвестицияны алга жылдыру агенттиги менен биргеликте Фонд менен кызматташуу боюнча өз планын сунуш кылды. Жыйынтыгында Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттердин жалпы планын түзүү макулдашылды.

Жолугушууга КР Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров, КР Экономика министринин статс-секретары Айдай Курманова, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аймен Касенов ж.б. катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу