Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/01 18:06
 

Олег Панкратов: “Жунда” Россия мунайын пошлинасыз алат, бирок күйүүчү майларды экспорт үчүн эмес, Кыргызстан үчүн гана өндүрөт”

Бишкек, 10-январь /Кабар/. “Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Кытайдын “Жунда” мунай кайра иштетүүчү заводу Россия мунайын пошлинасыз алат, бирок завод күйүүчү майларды экспорт үчүн эмес, Кыргызстан үчүн гана өндүрөт”,-деди вице-премьер-министр Олег Панкратов бүгүн экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

“Биз Россия менен чийки нефтини пошлинасыз алууга макулдашканбыз. Учурда күйүүчү майларды өндүрүү үчүн канчалык көлөмдө нефт талап кылынары тууралуу “Джунда” заводу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгерде завод күйүүчү майларды экспорттоону кааласа, анда алар сырьену жалпы талаптарга ылайык сатып алышат”,-деп түшүндүрдү О.Панкратов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу