Экономика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
10/01 16:46
 

Олег Панкратов Казакстан кыргыз азык-түлүгүн өз аймагы аркылуу Россияга алып өтүүгө тыюу салып жаткандыгы тууралуу маалыматка түшүнүк берди

Олег Панкратов Казакстан кыргыз азык-түлүгүн өз аймагы аркылуу Россияга алып өтүүгө тыюу салып жаткандыгы тууралуу маалыматка түшүнүк берди

Бишкек, 10-январь /Кабар/. “Казакстан кыргыз азык-түлүгүн өз аймагы аркылуу Россияга алып өтүүгө тыюу салып жаткандыгы тууралуу маалымат бираз туура эмес”,-деди вице-премьер-министр Олег Панкратов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Депутат Дастан Бекешов кыргыз эт, сүт азык-түлүктөрүн Казакстан өз аймагы аркылуу Россияга алып өтүүгө тыюу салгандыгына карата Кыргызстан эмне үчүн ачык-айкын иш-чара көрбөй жаткандыгына кызыкты.

“Темир жол транспорту менен гана алып өтүүгө уруксат берилген. Мындай учурда биз да ачык-айкын иш-чарага өтүшүбүз керек. Мисалы, бизге Казакстандан жумурткалар алынып келинет. Бузулуп кеткен азык-түлүктөр алынып келинип жаткандыгы тууралуу да маалымат бар”, -деди эл өкүлү.

Өз кезегинде вице-премьер мындай маалымат туура эмес экендигин белгиледи.

“ЖМКлар сенсация кууп, Казакстан биздин товарларды авиатранспорт жана автотранспорт менен ташууга тыюу салгандыгын, темир жол транспорту менен гана алып өтүүгө уруксат берилгенин жазышууда. Биздин азык-түлктөр чек арадан тоскоолдуксуз өтүүдө. Веткөзөмөлдө болгон азыктар гана – айталы, 100% дан 10% гана азыктар кармалууда. Тилекке каршы акыркы мезгилде бизде ветеринардык чөйрөгө жетишээрлик көңүл бурулбагандыктан биздин эт, сүт азыктарыбыз өтпөй жатат. Биз бул маселени сүйлөшкөнбүз, казак өнөктөштөрүбүз бизге азык-түлүктөрүбүздү Россияга темир жол транспорту менен алып өтүүгө уруксат берген”,-деди Олег Панкратов.

Депутаттар Өкмөттөн элдин башын айландырбоо үчүн ЖМКларга расмий түшүндүрүү берүүнү өтүнүштү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу