Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/01 09:44
 

Корея менен программалык бюджеттештирүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду

 Корея менен программалык бюджеттештирүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Корея Республикасынын Финансы жана стратегия министрлигинин атынан чыккан Корея стратегиялык өнүктүрүү институту менен программалык бюджеттештирүү маселелери боюнча билим алмашуу программасынын алкагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 9-январда Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовдун профессор Ли Вон Хи башында турган кореялык делегация менен “Программалык бюджеттештирүү маселелери боюнча билим алмашуу” деген аталыштагы биргелешкен программаны ишке ашыруу маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Азимов Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Корея Республикасынын мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын, программалык бюджеттештирүүнү ишке киргизүүнүн кореялык тажрыйбасын, ошондой эле бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баа берүү механизмдерин окуп-үйрөнүү жолу менен программалык негизде бюджеттештирүү жаатында мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга кызыкдар экендигин билдирди.

“Билим алмашуу боюнча биргелешкен программа учурда заманбап жана актуалдуу болууда, анткени ал дүйнөдөгү ийгиликтүү мисалдардын бири болуп саналган Корея Республикасынын мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын реформалоодогу тажрыйбасын өздөштүрүүнү камтыйт”, – деп белгиледи А.Азимов.

Кореялык делегация да Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кызматташууга, программалык бюджеттештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын өздөштүрүүгө жогорку кызыгуусу бар экенин билдирди.

Биргелешкен программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжа Кыргыз Республикасында программалык бюджеттештирүүнү ийгиликтүү ишке киргизүүгө багытталган кадамдарды аныктоо болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу