Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/01 16:03
 

Маминспекциянын директору Калыс Жумаканов: “Азыр эт-сүт өнүмдөрү сыртка тоскоолдуксуз өтүүдө”

Бишкек, 9-январь Кабар/. Бүгүн, 9-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айрым интернет булактарында Казакстандан Кыргызстандын эт-сүт өнүмдөрүн өлкө аймагынан сырткары бир гана темир жол аркылуу транзиттөөгө уруксат деп жарыяланган кабар боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумакановдун маалыматы угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 3-январында Казакстандын Айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Ибраеванын кол коюлган жогорудагыдай мазмундагы кат министрликтин башкы адисинин электрондук дареги аркылуу биздин тармактык министрликтин башкы адисинин электрондук дарегине келген. Бирок ошондон тарта Казакстандык кесиптештери менен байланыша алган эмес. Себеби, аларда иш күн бүгүнтөн тарта башталууда. “Бирок бүгүнкү күндө эт-сүт өнүмдөрү сыртка тоскоолдуксуз өтүүдө. Бирдиктүү экономикалык аймакка киргенден кийин транзит деген түшүнүк болбошу керек. Бүгүн Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен байланышып, бул жагдайды тактайбыз”,- дейт К.Жумаканов.

Суроо-жооп жүрүшүндө 2015-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө 5,9 миң тонна сүт азыктары экспорттолгон болсо, 2016-жылы бул көлөм 22 миң тоннага көбөйгөндүгү белгилүү болду. Мындан улам айрым депутаттар бул маселени атаандаштык катары баалашууда.

Ошону менен катар Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия келип, буга чейин Кыргызстандын ветеринария тармагына койгон талаптарынан баары аткарылгандыгын көрүп кетишкендигин, жыйынтыгына бир гана Казакстандын өкүлү Кыргызстанда ящур ылаңы бар деген кине менен тиешелүү документке кол койбогондугун маалымдады. Бирок, К.Жумаканов Кыргызстанда ящур эң акыркы жолу 2014-жылы катталыгандыгын, андан бери мал ылаңы каттала электигин кошумчалады.

Жыйынтыгында, комитет мүчөлөрү аталган маалыматты тактап, иш алпаруу боюнча протоколдук тапшырма берүү чечимин кабыл алышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу