Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
07/01 15:07
 

2016-жылы КРнын ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоосунун көлөмү 4 эсе көбөйгөн

 2016-жылы КРнын ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоосунун көлөмү 4 эсе көбөйгөн

Бишкек, 7-январь /Кабар/. 2016-жылы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 4 эсеге өскөн. Бул тууралуу КРнын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда 15 кыргыз ишканасы өзүнүн продукцияларын Россия Федерациясынын бардык аймактарына эркин экспорттоп жатат. Аталган ишканалардын 12си сүттү кайра иштетүү менен алектенет. Мындан тышкары, 8 сүт ишканасы Казакстандын түштүк облустарына продукцияларын экспорттоодо.

“2016-жылы бул ишканалар 22 тонна сүт жана сүт азыктарын экспорртоду, же бул 2015-жылга салыштырмалуу 3,8 эсе көп. Негизинен экспорт автотранспорттор аркылуу ишке ашат. 2017-жылдын 1-январынан тарта Казакстан ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл органына тийиштүү болгон товарларды ташуунун темир жол транзитине расмий уруксат берди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу