Экономика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
06/01 12:27
 

Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегат ишке киргизилди – Улуттук энергехолдинг

Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегат ишке киргизилди – Улуттук энергехолдинг

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Токтогул ГЭСинин 2-гидроагрегаты ишке киргизилди. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, калыбына келтирүү иштеринен кийин сыноонун жыйынтыгы боюнча 2017-жылы 5-январда 2-агрегат, 2-трансформатор жана 2500 кВ кабелдик линиясы тесттик режимде ишке киргизилген.

“Жүргүзүлгөн сыноодон кийин Токтогул ГЭСиндеги 01-46 кабелдүү 500 кВ ишке киргизилип, кубаттуулукту көтөрүүдө. Азыркы учурда бардык 4 гидроагрегат толук көлөмдө иштеп жатат. Кабелдик линиядагы бузулуунун себеби 500 кВ кабелдин эскириши болуп саналат (кабель 41 жыл иштеген, орто эсеп менен анын иштөө мөөнөтү 25 жыл)”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетүүчү жагдай, кабелди оңдоо боюнча адистер 2 мөөнөттө күнү-түнү иштеп жатышты. Алардын тынымсыз ишинин натыйжасында кабелди оңдоо эң кыска мөөнөттө бүткөрүлдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу