Экономика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
04/01 16:22
 

Жаңы конуштардын тургундарынын үйлөрүнө газ киргизүү акысы төмөндөтүлдү

 Жаңы конуштардын тургундарынын үйлөрүнө газ киргизүү акысы төмөндөтүлдү

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Бүгүн, 4-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевдин жетекчилиги астында айрым талаш-тартыштарды жараткан мыйзамдарды алга жылдырууга, коомчулукка көйгөй жараткан айрым маселелерди чечүүгө багытталган жумушчу жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басарлары Сүйүнбек Касмамбетов менен Тажимамат Шаболотов жана Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин эксперттери катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин бөлүм башчысы Айбек Жүрүнов Жогорку Кеңештин депутаттарынын борбор калаанын жаңы конуштарын газдаштыруу маселеси боюнча да протоколук тапшырмасы болгонун билдирди. Анын айтымында, “Газпром” ишканасы бүгүнкү күндө 9 жаңы конушта газ түтүктөрүн орнотуп бүткөн. Эми газды жаңы конуш тургундарынын үйлөрүнө киргизүү маселеси калган. Алгач газды үйлөргө киргизүү боюнча кызмат көрсөтүү акысы жогору болгондуктан, эл өкүлдөрү аны төмөндөтүү жагын караштырууну тапшырган. “Бүгүнкү күндө “Газпром” ишканасынан газды кошуу акысы төмөндөтүлгөндүгү боюнча маалымат келди”,- дейт ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков тармактык комитеттин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушууда айрым мыйзам долбоорлору боюнча тармактык министрликтердеги тиешелүү эксперттер менен чогуу иш алпарып, мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, талаш-тартыштуу жагдайларды четтетүү, коомчулукка көйгөй жараткан айрым маселелерди чечүү жаатында тапшырмаларды берген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу