Экономика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
04/01 15:43
 

Дүйшөнбек Зилалиев: “Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты 6-январда толук ишке киргизилери пландалууда”

Дүйшөнбек Зилалиев: “Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты 6-январда толук ишке киргизилери пландалууда”

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты эртең, 5- январда тест вариантында ишке киргизилет, эгерде бардыгы ойдогудай болсо, 6-январда штаттык режимде иштей баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өнөр жайы, энергетика жана кен иштетүү Мамкомитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы 16-декабрда Токтогул ГЭСинде кабелдердин бири иштебей калган.

“Авария болгон эмес. Кабелдердин бири гана иштен чыккан. Дифференциалдык коргоо ишке кирип, 2 кабель ишин токтоткон. Азыр жылуулук сезону болгондуктан тез арада оңдоого аракеттендик. Азыр мындай кабелдер чыкпай калгандыктан РФдан адистерди чакырдык. Учурда оңдоо иштери аяктап бара жатат. Эртең тест вариантында ишке киргизилет. Эгерде бардыгы ойдогудай болсо, 6-январда Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты толук ишке киргизилип, штаттык режимде иштей баштайт”,-деди Д.Зилалиев.

Ал ошондой эле 300 мегаватт Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи. Ошого карабай өлкөнүн энергосистемасы 200 мегаватт резерв менен жаңы жылдык майрам күндөрү да штаттык режимде иштегенин белгиледи.

“Эч кандай өчүрүүлөр болгон жок. Мурдагы күнү катуу шамал болгондуктан айрым жерлерде 1-2 саатка гана өчүрүүлөр болду”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу