04.01.2017, 11:38

«Centerra Gold» компаниясы “Кумтөрдөгү” ишин улантууга уруксат алды

«Centerra Gold» компаниясы “Кумтөрдөгү” ишин улантууга уруксат алды

Бишкек, 4-январь /Кабар/. «Centerra Gold» компаниясы Кыргызстандын расмий адамдары менен макулдашып, кен иштетүүгө уруксат алгандыгын билдирди, маалыматта “Кумтөр” флагман кениндеги операциялар 2017-жылдагы каралган планга ылайык улантылышы мүмкүн” деп айтылган.

Бул “Кумтөр” кени макулдашууга ылайык 2017-жылы ишин уланта алат дегенди билдирет.

“Кумтөрдүн” иши Кыргыз Өкмөтү менен кенден түшкөн пайданы бөлүштүрүү жана долбоордун менчик маселеси жаатындагы талаш-тартыштан соң токтотулган болчу. Учурда да кенди иштетүүдөгү болжолдонгон тартип бузуулар жана айлана чөйрөгө тийгизген терс таасири бар делип, бир нече миллионго бааланган даттануулар чечилбеген бойдон турат.