04.01.2017, 11:03

Январда жаратылыш газына тарифтер калк үчүн 1 кубметри 14,47 сомду түзөт

 Январда жаратылыш газына тарифтер калк үчүн 1 кубметри 14,47 сомду түзөт

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Январда калк үчүн жаратылыш газына болгон тарифь 1 кубметри 14,47 сомду түзөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧК билдирди.

Өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгы жана сатык салыгынын эсебинде 1 кубметри 17,75 сом, сатык салыгысыз – 17,59 сомду түзөт.

КРнын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2016-жылы 15-июндагы “Калк үчүн жаратылыш газынын тарифи жөнүндө”, “Өндүрүш ишканалары, коммерцилык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн жаратылыш газына тарифтер тууралуу” №69 буйругуна ылайык, “Газпром Кыргызстан” ЖЧК газдын тарифтерин ай сайын КР Улуттук банкы тарабынан айдын 1-числосуна карата белгиленген АКШ долларынын сомго карата расмий кунуна карата кайрадан эсептеп чыгууга милдеттүү.

2016-жылы 31-декабрга карата доллардын расмий курсу 69,23 сомду түздү.